Өкмөт: кычкылтек концентраторунун маселеси чечилди, саны жетиштүү

Жазылуу
Министрдин айтымында, концентраторлорду мамлекет өзү сатып алгандан тышкары гуманитардык жардам катары келген. Андан сырткары, ишкерлер, жарандар кол кабыш кылган.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстанда кычкылтек концентраторунун маселеси чечилди, алардын саны учурда жетиштүү. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, концентраторлорду мамлекет өзү сатып алгандан тышкары гуманитардык жардам катары келип, андан сырткары ишкерлер, жарандар кол кабыш кылган.

Боронов: Ирандан учак менен дары алып келебиз, бир-эки күндө тартыштык жоюлат

"Мамлекет өзү 1 500 кычкылтек концентраторун сатып алган. Учурда 1 300ү толук кандуу иштеп жатат, ал эми 200ү шаршемби күнү келет. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруканаларында 700гө жакыны бар болчу. Жеке ишкерлер жана жарандар 1 000ден ашыгын алып беришти. Гуманитардык жардам аркылуу дагы келгени жана келе турчусу бар. Мурда запаска 2 250 керектелип жатса, азыр андан дагы ашты. Учурда концентраторду үйүнө чейин коюп алгандар бар экен", — деди Боронов.

Министр ушуну менен токтоп калбастан кычкылтек концентраторлорун дагы алып, аймактардагы ФАПтарга да коюу пландалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0