Дары кампасы. Архивдик сүрөт

Боронов: эл издеп жаткан дарыларды катып жаткан эки кампа табылды

6327
(жаңыланган 19:24 14.07.2020)
Өкмөт башчы кыргызстандыктарды дарыны асмандаган баада саткан кызыл кулактар жана фирмалар менен аёосуз күрөшүүгө чакырды.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстанда азыркы учурда ооруп жаткандардын өмүрү үчүн маанилүү жана өтө керектүү делген дарылар катылган кампалар табылды. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул иштер дары-дармектин баасын кымбаттатуу үчүн атайын жасалган. Учурда мындай эки факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Клексан 14 миң сомго чыккан! Бишкекте алып сатарлар кармалды. Сүрөт

Премьердин маалыматына таянсак, алар гепарин, азитромицин, левоцин, физрастворлор, ингавирин, арбидол, авипромицин, эргоферон, анаферон, парацетамол, кардиомагнил, тромбасс дарыларын катып коюшкан. Андан сырткары, тамчылаткан уколго пайдалануучу системалар, кычкылтек концентраторлорунун тетиктери, кычкылтек баштыктары жана дагы башка медициналык жабдууларды сатпай кармап турушкан.

Боронов жарандар кызыл кулактык кылган дагы сегиз факты боюнча сотко чейинки иштер ачылганын билдирди. Төрт иш медициналык товарлардын баасын кымбаттатуу, 13 иш дарыларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча козголгон.

"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?

"Эгерде эл аптекалардын же дагы башка компаниялардын бааны көтөрүп салганын көрсө, дароо билдириши керек. Баарылап чогуу күрөшүп, ушундай кыйын кырдаалда пайда тапкысы келгендердин жүзүн элге көрсөтөлү", — деди Боронов.

Дарынын баасын ашыкча көтөрүп жиберген фактылар болсо, Финансы полициясынын 1955 ишеним телефонуна чалып же receivefinpol.gov.kg@gmail.com дарегине маалымат калтырууга болот. Андан сырткары, аймактык жетекчилерге кайрылса болорун айтып, сайтын берди.

6327
Белгилер:
коронавирус, медик, дары, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2076)
Тема боюнча
Меджабдуу, дары-дармек сатып берем дегендер кайда кайрылса болот? Телефондор
Боронов: чет өлкөдөн учак менен дары алып келебиз, тартыштык бир-эки күндө жоюлат
Ысык-Көл. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

25
(жаңыланган 21:32 07.08.2020)
8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Эртең, 8-августта, күндүз Талас облусунун айрым райондорунда жана Чүйдүн тоо этектериндеги аймактарында өткүн өтөт. Республиканын башка облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +33…+38, Ысык-Көл аймагында +24...+29, Нарын жергесинде +25...+30 градус болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36 ...+38,  Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

25
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы
Футболчулар. Архив

Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды

24
(жаңыланган 20:46 07.08.2020)
Өспүрүм футболчу "Галатасарай" - "Истанбул спор" беттешинде жаңылыштыктан белгиленген 11 метрлик айып тобун атайын сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаш футболчу, Түркиянын "Галатасарай U-14" клубунун капитаны Бекназар Алмазбеков футболдук беттеште көрсөткөн акыйкаттык кадамы үчүн эл аралык Fair Play сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги жазды.

Өткөн жылы 13 жаштагы кыргызстандык ойногон команда Түркиянын 14 жашка чейинки футболчуларынын чемпионатында "Истанбул спор" клубу менен ойнойт. Анын жүрүшүндө Алмазбеков  капталдан чабуулга баратып, дарбаза сызыгына киргенде коргоочуну алдап өткөнү жатып кулаган. Беттеш калысы ага карата эреже бузулду деп эсептеп, 11 метрлик айып тобун белгилеген.

Кыргызстандык футболчу өзү эреже бузулбаганын, калыстын чечими жаңылыш болгонун белгилеп, 11 метрлик айып тобун атайын дарбазадан сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

Fair Play эл аралык комитети тарабынан берилүүчү мындай престиждүү сыйлыктын быйылкы лауреаттары 5-августта жарыяланды. Алмазбековдун талапкерлигин 2019-жылдын декабрь айында Түркиянын Олимпиадалык комитети көрсөткөн.

"Лацио" клубунун футболчусу Чиро Иммобиле "Алтын бутса" сыйлыгын утту

Fair Play эл аралык комитет мындай сыйлыкты 1964-жылдан бери жыл сайын тапшырып келет. Уюмдун башкы максаты спортто акыйкаттык көрсөткөн спортчуларды сыйлоо болуп саналат.

24
Белгилер:
сыйлык, Кыргызстан, футбол
Тема боюнча
France Football: быйыл "Алтын топ" сыйлыгы берилбейт