Дагарага суу куюп... Ысыкта кондиционери жокторго кеп-кеңеш айтылды

© Фото / Pixabay/ xiangying_xuАял төшөктө уктап жатат. Архив
Аял төшөктө уктап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис уйку түнкүсүн ысыкта тынч болушу үчүн бир нече кеңештерди берип, бөлмөнү салкын кармагандан тарта адам кандай жууркан жамынышы керектигин айтты.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россиянын сомнологдор коомунун мүчөсү, дарыгер Алена Максимова ысыкта кондиционерсиз кантип кана уктаса болорун айтып, кеңеш бергенин РИА Новости жазды.

"Уктоочу бөлмөгө аба нымдагычын дагы коюп койсо болот. Ал жок болсо дагарага муздак суу куйса деле болот. Бул бөлмөнү муздатат деп сарсанаа болбоңуз, ал кошумча нымдуулукту гана камсыздайт. Бирок, менин оюмча, кондиционер койдурганга аракет жасаш керек", — деген Максимова.

Ал белгилегендей, кондиционер жок болсо терезелерди ачуу керек. Бирок уктоочу бөлмөнүн пардаларын түшүрүп коюу зарыл.

Уйкусу канбаган адамдар кандай дартка чалдыгары айтылды

Ошондой эле ысыкта жууркан жамынбай уктоону же болбосо чыт менен пахтадан даярдалган жука жууркан пайдаланууну сунуштаган. Ал кошумчалагандай, күн ысык мезгилде синтетикалык жапкычтардан алыс болуу керек, алар терини дем алдырбай коет.

Жаңылыктар түрмөгү
0