Пневмония оорусунан бир күндө 74 адам ажал тапты

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүДарыгерлер менен бейтап ооруканада. Архив
Дарыгерлер менен бейтап ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле учурда бир күндө өпкөнү сезгенткен оорудан 493 адам айыккан. Ал эми жалпы жонунан 3 415 адам сакайып чыккан.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде пневмония оорусунан 74 адам каза тапты. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкектен 17 адам, калган 57си өлкөнүн башка аймактарында катталды.

Ушуну менен март айынан бери пневмония жалпы 571 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Премьер пневмония менен COVID эмне үчүн эки бөлөк саналып жатканын айтты

Ошол эле учурда бир күндө өпкөнү сезгенткен оорудан 493 адам айыккан. Ал эми жалпы жонунан 3 415 адам сакайып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0