Жогорку окуу жайга тапшыруунун босого баллы белгиленди

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUАбитуриенттер экзаменде. Архив
Абитуриенттер экзаменде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишимдик негизде окуй тургандарга негизги тесттин босого баллы 105 деп белгиленди. Мунун медицина адистиктерине тапшырчуларга тиешеси жок.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жогорку окуу жайларга бюджеттик орунга тапшыргандар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, келишимдик негизде окуй тургандарга негизги тесттин босого баллы 105 деп белгиленди. Мунун медицина адистиктерине тапшырчуларга тиешеси жок.

Жусупбекова: ЖРТ тапшырбай калгандарга дагы бир мүмкүнчүлүк берилет

"Келишимдик негизде окуй тургандар үчүн босого балл бир аз төмөн болду. Анткени мындай босого балл менен бүтүрүүчүлөр окууга тоскоолдуксуз өтүп, алардын өз эсебинен жогорку билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп айтылат билдирмеде.

Эске салсак, быйыл бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларга дагы, кесиптик орто окуу жайларга дагы онлайн түрүндө тапшырышат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги анын шарт-талабы тууралуу материал даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0