Түнкү стационарлар түндө 300дөй кишинин жанына аралжы болду

© пресс-служба мэрии города БишкекНочные стационары принимают первых пациентов
Ночные стационары принимают первых пациентов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия шаардыктарга түнкү стационарлар ачылганга чейин бейтаптарды алып келбей кое турууга чакырып, медиктер жумушун 21:00дө гана баштай турганын билдирди.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Түндө Бишкек шаарындагы эки түнкү стационар 282 кишини кабыл алып, медициналык жардам көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, стационарларга кайрылгандардын 83ү ийне, асма укол сайдырса, 197си консультация алып кеткен.

"Бир адам ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы, бир аял 7-кичи районундагы түнкү стационарга жетпей жолдон каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Бир суткада 954 адам пневмонияга кабылган. Ооругандардын саны 9 204кө жетти

Мэрия шаардыктарга түнкү стационарлар ачылганга чейин бейтаптарды алып келбей кое турууга чакырды.

"Стационарлар ачылганга чейин жакындары бейтаптарды алып келип алган учур көп катталууда. Кечээ кечинде стационар ачыла электе бирөө ооруп жаткан аялды колуна көтөрүп келген. Бирок бул убакта медиктер жумушка чыга элек болчу. Жолдо келе жатышкан. Медицина кызматкерлери жумушун кечки саат 21:00дө баштайт. Себеби алар түнү менен тынымы жок иштешет", — деп жазылат билдирмеде.

Эске салсак, борбор калаада түнкү эки стационар ачылган. Бири 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан. Ал жакта 120 орун бар. Ал эми экинчиси — Фрунзе — Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Консул" ресторанында ачылды. Анда 100 орун даярдалган.

Аталган эки стационарда тогуз дарыгер, 15 медайым, төрт санитар жана беш ыктыярчы иштеп жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0