Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Эмнеге Кыргызстанга элге жеткендей дары алып келишкен жок

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүПрибытие самолёта с гуманитарной помощью в Алматы
Прибытие самолёта с гуманитарной помощью в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда кыргызстандыктардын көбү эмне үчүн өлкөгө дароо эле көп сандагы дарыларды алып келип, даярдап коюшкан эмес деген нааразы пикирлер жазылууда.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстанга эмне үчүн дары-дармекти дароо эле баарына жеткидей алып коюшкан жок. Бул суроого Дары-дармек жана медтехникалар менен камсыздоо департаментинин бааны коюу боюнча секторунун жетекчиси Айша Сулайманова жооп берди.

Аталган ишкана Саламаттык сактоо министрлигине карайт.

Ал Sputnik Кыргызстандын Facebook тармагында уюштурган "Дарыны эпидемияга чейинки баадан 10 эсе кымбатка сатып жатышат, көйгөйдү кантип чечүү керек" деп аталган онлайн-брифингине катышты.

Боронов: чет өлкөдөн учак менен дары алып келебиз, тартыштык бир-эки күндө жоюлат

Адистин айтымына караганда, фармацевт-өндүрүшчүлөр суроо-талап көп болгон өлкөлөргө кызыкдар. Ал эми Кыргызстанга калгандарын берүү керек деген принцип болуп жатат.

"Пандемия дүйнөнү каптагандыктан, бардык мамлекеттер дарыга муктаж болуп, дефицит жаралууда. Кыргызстан кичинекей өлкө, ал эми дары жасагандар биринчи иретте ири мамлекеттердин муктаждыгын камсыздайт. Андыктан препараттарды арбын көлөмдө буюртма кылгандыктан, биздин суроо-талапка тең келбей калып жатат. 150 миллион кишини дары менен камсыздоо башка, ал эми алты миллион кишини камсыздоо башка нерсе. Жыйынтыгында бизге аз бөлүгү калууда", — деген ал.

Мисал катары ал АКШны келтирип, вируска каршы камдап коюш үчүн дары-дармектерге берген буюртмасын айтты. Сулайманованын айтымында, Кыргызстандагы жеке фармацевтикалык компаниялар белгилүү себептен улам мындай нерселерди жасай албайт.

Ал аталган департамент керектүү дарыларды, өзгөчө антикоагулянттарды алуу боюнча башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын айтты.

"Биздин биринчи милдет жеткиликтүү дарылар менен камсыздоо. Дары көп ташылып келип жатат, камдалгандарын эл дүрбөлөңгө түшүп сатып алууда. Андыктан биз дарыканалардын ээси менен жолугуп, бааны көтөрбөй, андан сырткары, дарылануунун бир курсу менен сатуу зарылдыгын айтып жатабыз", — деди Сулайманова.

Жээнбеков: Кыргызстанда дары-дармек өндүрүү жолдору каралууда

Мындан сырткары, Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга дары ташып келүү жолдорун жеңилдетип жаткандыгын айтты.

"Бизде коронавируска каршы колдоно турган дарылардын бекитилген тизмеси бар. Бардык препараттар ушул тизмеден каралып, өлкөгө каттоосу жок (бирок чыгарган өлкөнүн каттоосу менен) киргизсе болот. Токтомдо медициналык бет кап жана сактоочу комбинезон чыгарган жергиликтүү өндүрүштүн ишин жөнгө салуу каралган", — деп түшүндүрдү эксперт.

"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?

Эске салсак, дарыларга байланышкан кырдаал эпидемиологиялык абалдын начарлашы менен курчуп кетти. Социалдык тармактарда бир нече түрдөгү дарыларды издеген жарыялар арбыды, ал эми дарыканаларга керектүү препараттар түшкөндө ири кезек жаралууда. Дарыканаларда баа жогорулап, алып сатарлар пайда болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0