Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинЫссык-Көлдүн жээги. Архив
Ыссык-Көлдүн жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби, 16-июлда, түнкүсүн республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-июль. — Sputnik. Бейшембиде күндүз бардык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас өрөөнүндө +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +23...+28 градус ысык болот.

Күн катуу ысып, Жер үч миллион жыл мурдагы абалына кайтышы мүмкүн

Борбор калаада жана Ош шаарында күндүн табы +33...+35 градуска жетсе, Чолпон-Атада +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0