Кыргызстан 13 тез жардам унаасын сатып алды, үчөөнүн ИВЛ аппараты бар. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаламаттык сактоо министрлиги 13 тез жардам автоунаасын сатып алды
Саламаттык сактоо министрлиги 13 тез жардам автоунаасын сатып алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунааларда алгачкы жардамды көрсөтүүгө жана бейтаптарды ташууга медициналык жабдыктар толугу менен камтылганы белгиленет.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги 13 тез жардам автоунаасын сатып алып медициналык мекемелерге берди. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаламаттык сактоо министрлиги 13 тез жардам автоунаасын сатып алып медициналык мекемелерге берди
Кыргызстан 13 тез жардам унаасын сатып алды, үчөөнүн ИВЛ аппараты бар. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлиги 13 тез жардам автоунаасын сатып алып медициналык мекемелерге берди

Билдирүүгө ылайык, бул Дүйнөлүк банктын "Кыргызстанда жаратылыш кырсыктары тобокелчилигине туруктуулукту жогорулатуу" (ERIK) долбоорунун алкагында алынган.

"В" класстагы 13 медициналык тез жардам автоунаасы 764 900 долларга сатып алынды. Анын ичинен үчөөндө өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Медициналык транспорттор жети облуска бөлүнөт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган автоунааларда алгачкы жардамды көрсөтүүгө жана бейтаптарды ташууга тиешелүү медициналык жабдыктар толугу менен камтылганы белгиленет.

Өкмөт: кычкылтек концентраторунун маселеси чечилди, саны жетиштүү

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0