COVID-19: Спорт агенттиги алдыңкы атлеттерден антителолорго анализ алдыртып жатат

© пресс-служба ГАМФКиСПроверка на COVID-19 спортсменов в спортивно-реабилитационном центре
Проверка на COVID-19 спортсменов в спортивно-реабилитационном центре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөө 13-июлдан тарта Бишкектеги Спорттук-реабилитациялык борбордо жүргүзүлүп жатат. Ага олимпиадалык спортту аркалагандар жана бул жааттагы улук машыктыруучулар катышууда.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Өлкөнүн Спорт агенттиги алдыңкы атлеттер менен машыктыруучулардын COVID-19 инфекциясы менен ооруган же оорубаганын билүү үчүн анализ алдыртып жатат. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.

Ага ылайык, изилдөө 13-июлдан тарта Бишкектеги Спорттук-реабилитациялык борбордо жүргүзүлүп жатат. Ага олимпиадалык спортту аркалагандар жана бул жааттагы улук машыктыруучулар катышууда.

"Антитела иммуноферменттик анализ (ИФА) ыкмасы менен аныкталып жатат. Лабораториялык изилдөөдө иммуноглобулиндин (антитела) эки түрү — IgM жана IgG аныкталат", — деп айтылат маалыматта.

Тест тапшыруучулардын атайын график жана тизме менен келип жатканы кошумчаланды. Алардын саны тууралуу маалымат берилген жок.

Биз болбосок ким?! Жетекчи спортчуларды COVID менен күрөшүүгө жардамга чакырды

Антитела — адамдын ооруп кайра сакайып кетишинен кабар берет.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте беш менчик лабораторияда ИФА (иммундук-ферменттик анализ) ыкмасы менен анализ алына баштаганын айткан болчу

Жаңылыктар түрмөгү
0