Парламенттик шайлоого даярдык: Римде, Парижде да добуш беришмекчи

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо участоктору дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана сырттагы мамлекеттик мекемелердин аймактарында уюштурулмакчы.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участогун түзүүнү бекитип, дагы экөөнү макулдашып жатат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо участоктору чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана сырттагы мамлекеттик мекемелердин аймактарында уюштурулмакчы.

Үч депутат Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чакырууну сунуштады. Парламенттин жообу

"Кыргызстандын РФтеги элчилигинин төрт канцеляриясы биринчи жолу Иркутск, Сургут, Түштүк-Сахалинск жана Якутск шаарларында ачылып, аларда депутаттарды шайлоо боюнча участок уюштурулат. Мындан тышкары, участокторду Рим жана Париж шаарларында ачуу макулдашылып жатат. Ал жакта мекендештерибиз көп", — деп жазылган маалыматта.

Конституциялык мыйзамда бир имаратта эки же андан көп шайлоо участоктору түзүлсө боло тургандыгы каралган. Ушул негиз менен өлкөнүн Россиядагы элчилигинде эки шайлоо участогу ачылары белгиленди.

Ошондой эле чет өлкөлөрдө шайлоо комиссияларынын курамын түзүү башталганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0