Премьер-министр Кубатбек Боронов Ганси аскердик базасынын аймагында уюштурулган Семетей ооруканасында

"Гансидеги" концентраторлор Боронов кеткен соң кайра жүктөлүп кеткенби? Видео

1125
Социалдык тармактарда "Гансинин" айланасында жүк ташуучу унаалардын видеосу тарап, аны министрлик төгүнгө чыгарды.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов "Ганси" аскердик базасынын аймагында уюштурулган "Семетей" ооруканасына баргандан кийин медициналык жабдуулар кайрадан жыйналып кеткен эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда "Гансинин" айланасында жүк ташуучу унаалардын видеосу тарап, астына "премьер-министр "Гансиден" кеткенден кийин концентраторлор кайрадан жүктөлүп, алынып кетти. Бейтаптар нес болуп калды" деп жазылган. Ошондой эле кадрдын автору мунун баары видеого тартуу үчүн гана жасалганын айткан.

Казакстанга кычкылтек концентратору менен дарыларды ташып бараткандар кармалды

Министрлик бул маалыматты аскердик базадагы "Семетей" ооруканасынын координатору Айбек Койчумановго таянуу менен четке какты.

"Дарыгердин айтымында, өкмөт башчынын сапарынан соң оорукананын жандандыруу бөлүмүнө заманбап кычкылтек концентраторлору орнотулду. Мындан сырткары, эмгек жамаатка керектүү жеке коргонуучу каражаттар таратылып берилди", — деп айтылат маалыматта.

Жакында эле премьер-министр Кубатбек Боронов пневмониядан дарыланган бейтаптар жаткан "Семетей" ооруканасына барып, бейтаптардан кабар алган.

1125
Белгилер:
видео, кычкылтек концентратору, оорукана, база, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2239)
Тема боюнча
Өкмөт: кычкылтек концентраторунун маселеси чечилди, саны жетиштүү
Бишкекке 300 кычкылтек концентратору, 2000 пульсоксиметр келди
Манас эпосу. Архив

"Манас" эпосунун казак тилиндеги жаңы котормосу чыкты. Өзгөчөлүгү

15
(жаңыланган 21:43 24.09.2020)
Автор буга чейин Казакстанда басылып чыккан төрт томдук котормо эл арасында сейрек кездешерин жана балдарга анча түшүнүксүз экенин айткан.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Белгилүү манасчы Баянгали Алимжанов "Манас" эпосунун казакча котормосунун жаңы версиясын тартуулады. Бул тууралуу "Казинформ" жазды.

Ага ылайык, 40 жылдан бери манас айтып келген Алимжановдо эпосту өз версиясында которуу идеясы былтыр жаралган.

Анын айтымында, казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун жетекчилиги алдында басылып чыккан төрт томдук котормо эл арасында сейрек кездешет жана балдарга анча түшүнүксүз.

Жолдошов: "Манас" кара сөз менен жазылса 500-600 китеп топтому чыкчудай

Алимжанов 100 миң сапты түшүнүү окурманга оңой эмес экенин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстанда балдар үчүн "Манастын" бир томдугу чыкканын айта кеткен.

"Мен "Манасты" 67 күндүн ичинде толугу менен которуп бүттүм. Китептин өзгөчөлүгү — эпостун эң күчтүү, көркөм, поэтикалык үзүндүлөрү Манастын рухун чагылдырган прозада баяндалган. Эпосту кыскача, келечек муундарга түшүнүктүү тилде бергим келди. Манасты ар бир манасчы өзүнчө айтат. Эпостун сюжети бирдей болгону менен түрдүүчө берилет", — деген Алимжанов.

Китептин бет ачары Нур-Султандагы Достук үйүндө өткөн.

15
Белгилер:
котормо, Манас эпосу, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
"Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов". Залкарга арналган китеп түрк тилинде чыкты
Талаада жайылган койлор. Архив

Жумага карата аба ырайы

13
(жаңыланган 21:03 24.09.2020)
Жумага караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Жума күнү, 25-сентябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +18...+23, Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27 градуска жылыйт.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +20...+22, Ош шаарында +22...+24 градусту көрсөтөт.

13
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы
Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары