Бишкекке өкмөт сатып алган 200 мобилдик кычкылтек концентратору келди

© Фото / пресс-служба правительства КРДоставка партии мобильных кислородных концентраторов в Бишкек
Доставка партии мобильных кислородных концентраторов в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Боронов мамлекет жалпысынан 1 500 кычкылтек концентраторун сатып алганын, учурда 1 300ү толук кандуу иштеп жатса, ал эми 200ү шаршемби күнү келерин айткан болчу.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкекке өкмөт Кытайдан сатып алган 200 мобилдик кычкылтек концентратор чартердик каттам аркылуу алынып келди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Кечээ өкмөт башчы Кубатбек Боронов мамлекет жалпысынан 1 500 кычкылтек концентраторун сатып алганын, учурда 1 300ү толук кандуу иштеп жатса, ал эми 200ү шаршемби күнү келерин айткан болчу.

Казакстанга кычкылтек концентратору менен дарыларды ташып бараткандар кармалды

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин ооруканаларында 700гө жакыны кызмат көрсөтүп келген. Ошондой эле жеке ишкерлер, жарандар алып берген, гуманитардык жардам катарында келгендер бар. Муну менен өлкөдө кычкылтек концентраторунун маселеси чечилгенин белгилеген.

Өлкөгө алынып келинген кычкылтек концентраторлору муктаждыкка жараша республиканын саламаттык сактоо уюмдарына таркатылып берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0