Коронавирустан бир күндө 75 адам сакайып чыкты

© AFP / OLIVER BUNICСитуация в Сербии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Сербии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын бардык аймактарында илдеттен айыккандар бар. Алардын кайталап алынган анализи таза чыккан.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда коронавирустан 75 адам айыгып чыкканын брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 23, Чүйдө 18, Ош шаарында төртөө, Ош облусунда экөө, Жалал-Абадда үчөө, Баткенде 20 киши, Нарында үчөө, Таласта эки киши айыкты.

Республика боюнча жалпы 3 735 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары, үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде - 243, жалпысынан 1 897 киши айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0