ЖРТ экзаменин тапшырып аткан окуучулар. Архивдик сүрөт

Быйыл ЖРТдан Алай районунун окуучусу эң жогорку балл алды

2402
(жаңыланган 14:11 16.07.2020)
Министрликтин маалыматы боюнча, бул жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө 43 245 мектеп бүтүрүүчүсү катышкан.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Быйыл 53 бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алып, алтын сертификатка ээ болушту. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жылы ЖРТга 43 245 бүтүрүүчү катышкан. Алардын ичинен эң жогорку 229 упайды Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Акмарал Нурбек кызы алды.

Алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн окуган аймагы:

  • Бишкек шаары – 28;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 6;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 2;
  • Баткен облусу – 6;
  • Ысык-Кѳл облусу – 4;
  • Нарын облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 1.

Жогорку окуу жайга тапшыруунун босого баллы белгиленди

Ошондой эле ар кандай себептер менен мурдагы эки этапка катыша албаган 700 бүтүрүүчү 13-14-июлда тест тапшырганы айтылат. Акыркы этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайга ээ болгон бүтүрүүчүлѳр болсо, алтын сертификатка ээ болгон тизмеге 17-июлда кошумча киргизилет.

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдү окуткан мугалимдерин, ата-энелерин куттуктап, окууларына ийгилик каалады.

Эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин министрликтин сайтынан көрүүгө болот.

2402
Белгилер:
этап, бүтүрүүчү, тестирлөө, балл, сертификат, алтын
Тема боюнча
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
Абитуриент ЖОЖго кантип онлайн тапшырат? 7 суроого жооп
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

43
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

43
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

71
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

71
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео