Апамды эстедим... Жээнбеков каза болгон Адинай Мырзабекованын үйүнө барды. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды
Президент Сооронбай Жээнбеков Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мырзабекова Бишкектеги Discoveri мейманканасында уюштурулган убактылуу стационарда эмгектенип жатып каза тапкан. Ал 2-августта 22 жашка чыкмак.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон студент Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков навестил семью Адинай Мырзабековой. 16 июля 2020 года
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон студент Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон студент Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков навестил семью Адинай Мырзабековой. 16 июля 2020 года
Мамлекет башчысы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мамлекет башчысы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуган
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон студент Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды
2/2
Мамлекет башчысы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуган

Мамлекет башчысы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуган.

Эске салсак, 13-июль күнү ыктыярчы-медайым болуп иштеп жаткан студент кыз Адинай Мырзабекова каза болгон. Кечээ Жээнбеков Адинайды "Эрдик медалы менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыкка кол койгон.

Стационарда иштеп көз жумган студент кыз. Өлүмдүн болжолдуу себеби айтылды

"Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен мен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга батып турган апамды эстеп жатам", — деген президент Адинайдын апасына кайрат айтып жатып.

Баарлашууда ата-энеси кызы туурасында айтып беришти. Адинай мектептен бери медик болууну кыялданып, Ысык-Атадагы Юрьевка айылынын орто мектебин эң жакшы баалар менен бүтүргөн. Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, Ахунбаев атындагы Медициналык академияга тапшырып, 5-курстун студенти болгон.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБорбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон студент Адинай Мырзабекова
Апамды эстедим... Жээнбеков каза болгон Адинай Мырзабекованын үйүнө барды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон студент Адинай Мырзабекова
"Сиздер ушундай зирек, жашоону сүйгөн, адамдарды сүйгөн кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр. Кудайым сиздерге — ата-энесине, туугандары менен жакындарына сабырдуулук, бекем ден соолук жана узак өмүр берсин", — деген Жээнбеков.

Президент Мырзабекова биздин замандын баатыры экенин, ал мекендештеринин эсинде башкалардын саламаттыгы үчүн өмүрүн арнаган кайраттуу ыктыярчы катары каларын баса белгиледи.

Өзгөчө жан эле... Курсташтары стационарда иштеп көз жумган Адинайды эскеришти

Замирбек Жээналиев менен Дилбар Молдокулованын Адинай менен төрт кызы бар эле. Айгерим жана Бегимай — студенттер, Жанель — мектеп окуучусу.

Жаңылыктар түрмөгү
0