Бишкекте түнкү стационарлардын иштөө сааты өзгөрдү

Жазылуу
Түнкү стационарлар мурдакыдан бир саат эрте ачылып, 20:00дөн 08:00гө чейин иштейт. Алар оор абалдагы сыркоолорду кабыл алганы үчүн күндүзгүдөн айырмаланат.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкектеги түнкү стационарлардын иштөө сааты өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Эми алар 20:00дөн 08:00гө чейин иштейт, башкача айтканда бир саат эрте ачылат.

Стационарлар 7-кичи районундагы ДСК спорттук комплексинин базасында жана Фрунзе менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Консул" ресторанында ачылган. Алар оор абалдагы сыркоолорду кабыл алганы үчүн күндүзгүдөн айырмаланат.

"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги

Мэриядан билдиргендей, "Жал" кичи районундагы №95 мектептин базасында да 37 орунга ылайыкташкан күндүзгү стационар ачылды. Кара-Жыгач конушундагы "Салтанат" ресторанынын базасында 50 киши сыя турган дагы бир дарылоочу жай ишин баштаганы турат.

Бардыгы болуп баш калаада 908 орундуу 13 күндүзгү жана 220 орундуу түнкү стационар иштеп жатат.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 12 498ге жетти. 3735 сыркоо стационарлардан сакайып чыкса, обочолонгон шартта дагы 1897 бейтап айыккан. Ал эми коронавирус илдетинен 167 адам каза болгон.

Бишкекте дагы 110 кишилик эки стационар ачылат

Мындан сырткары, пневмонияга чалдыгып ооруканага түшкөндөр көп. Март айынан бери бул дарттан 612 адам каза болду. Алардын көпчүлүгү Бишкектен.

Кыргызстанда коронавирус жана пневмония боюнча кырдаал июнь айынын орто ченинен тарта оорлошо баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0