Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков ознакомился с деятельностью текстильной фабрики ОсОО Текстиль транс в Чуйском районе Чуйской области. 16 июля 2020 года

Жээнбеков Чүйдөгү бет кап чыгарган фабриканын иши менен таанышты. Сүрөт

(жаңыланган 18:07 16.07.2020)
Ишкана негиздөөчүсү Алмазбек Абдраев пандемияда жумуш орундарын сактап калуу үчүн медициналык максатта колдонула турган жеке коргонуу шаймандарын өндүрүүгө өткөнүн билдирген.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Чүйдө бет кап чыгарган "Текстиль транс" фабрикасынын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков ознакомился с деятельностью текстильной фабрики ОсОО Текстиль транс в Чуйском районе Чуйской области. 16 июля 2020 года
    Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Чүйдө бет кап чыгарган "Текстиль транс" фабрикасынын ишмердиги менен таанышты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков ознакомился с деятельностью текстильной фабрики ОсОО Текстиль транс в Чуйском районе Чуйской области. 16 июля 2020 года
    Өлкө башчы менен жолугушуу учурунда ишкана негиздөөчүсү Алмазбек Абдраев пандемияда жумуш орундарын сактап калуу үчүн медициналык максатта колдонула турган жеке коргонуу шаймандарын өндүрүүгө өткөнүн билдирген.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  •  Сотрудники текстильной фабрики ОсОО Текстиль транс во время изготовления медицинских масок в Чуйской области. 16 июля 2020 года
    Маалым болгондой, фабрика түрүнө жараша күнүнө 100 миң даанага чейин бет кап чыгара алат.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Сотрудники текстильной фабрики ОсОО Текстиль транс во время изготовления медицинских масок в Чуйской области. 16 июля 2020 года
    Өлкө башчы учурдагы түзүлгөн кырдаалда фабриканын социалдык багытта иштеп жатканын канааттануу менен белгилеп, ишкердин көйгөйлөрүн уккан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Маски текстильной фабрики ОсОО Текстиль транс в Чуйской области. 16 июля 2020 года
    Соңунда медициналык каражаттарды толук кандуу чыгарууга тоскоол болгон маселелер өкмөткө сунушталарын убадалаган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Станки в текстильной фабрики ОсОО Текстиль транс в Чуйском районе Чуйской области.
    "Текстиль транс" фабрикасынын ишмердиги
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков ознакомился с деятельностью текстильной фабрики ОсОО Текстиль транс в Чуйской области. 16 июля 2020 года
    "Текстиль транс" фабрикасынын ишмердиги
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 7
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Чүйдө бет кап чыгарган "Текстиль транс" фабрикасынын ишмердиги менен таанышты.

Ага ылайык, өлкө башчы менен жолугушуу учурунда ишкана негиздөөчүсү Алмазбек Абдраев пандемияда жумуш орундарын сактап калуу үчүн медициналык максатта колдонула турган жеке коргонуу шаймандарын өндүрүүгө өткөнүн билдирген.

Экинчи толкунга даярданыш керек. Адистер Жээнбековго бир нече сунуш айтты

Маалым болгондой, фабрика түрүнө жараша күнүнө 100 миң даанага чейин бет кап чыгара алат.

Өлкө башчы учурдагы түзүлгөн кырдаалда фабриканын социалдык багытта иштеп жатканын канааттануу менен белгилеп, ишкердин көйгөйлөрүн уккан.

Соңунда медициналык каражаттарды толук кандуу чыгарууга тоскоол болгон маселелер өкмөткө сунушталарын убадалаган.

Белгилер:
фабрика, бет кап, Чүй облусу, Сооронбай Жээнбеков, президент
Тема боюнча
Өкмөт: пневмония болгондор эми COVID-19га чалдыккан деп эсептелет
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россиянын 11 аскер адамы КР президентинин энчилүү кол сааты менен сыйланды

(жаңыланган 23:29 19.04.2021)
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Церемония вручения именных часов президента Кыргызстана Садыра Жапарова 11 российским военнослужащим на авиабазе Кант
© Пресс-служба президента КР
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.

Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган. 

Белгилер:
сыйлык, Садыр Жапаров, президент, Аскер, саат, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу
Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди

Ошто балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты эшигин ачты. Сүрөт

(жаңыланган 21:43 19.04.2021)
100 орунга ылайыкташкан жаңы оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөн. Ал эми эски имараты толугу менен оңдолгон.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.

  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Министр здравоохранения Алымкадыр Бейшеналиев и руководители городской мэрии Оша осматривают новую детскую инфекционную больницу
    Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 4
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди

Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.

100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.

Белгилер:
азем, ачылыш, министр, оорукана, Ош, Кыргызстан
Тема боюнча
Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылды. Сүрөт