Тез жардамдын автоунаасы. Архив

Интернетке Тез жардамдын сынган автоунаасынын видеосу чыкты. Министрликтин жообу

455
(жаңыланган 22:31 16.07.2020)
Дарыгерлердин автоунаасы учурда кепилдик бергендердин оңдошун күтүп жатат. Аны Чолпон-Ата шаарына жеткиришкен.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Интернетке жолдун чекесинде Тез жардам кызматынын автоунаасы токтоп турган, айдоочусу аны оңдогонго аракет кылып чукулап жаткан видео тарады.

Анын алдында Ысык-Көлгө кетип бара жаткан жолдо ГАЗ "Соболь" автоунаасы бузулуп калганы жазылган.

Саламаттык сактоо министрлигинен бул видео боюнча маалымат беришти. Автоунаа сатып алынгандан кийин аймактарга бөлүштүрүлүп, Ысык-Көлгө сапар алган.

Кыргызстан 13 тез жардам автоунаасын сатып алды, үчөөнүн ИВЛ аппараты бар. Сүрөт

"Боом капчыгайында бир аз жеринен техникалык кемчилдик кетип калыптыр. Автоунааларды алып келген компаниянын атайын бригадасы жөнөтүлдү, алар берген кепилдигинин негизинде карап беришет. Учурда автоунаа Чолпон-Ата шаарында токтоп турат, аны кароо үчүн адистер келе жатат", — деп айтышты министрликтен.

Саламаттык сактоо министрлиги 764 миң 900 долларга Тез жардам кызматынын 13 автоунаасын сатып алган. Социалдык тармакта эсептеп чыгып, ар бир автокөлүк 60 миң доллар турабы деген нааразылык жаралган. Министрлик бул боюнча түшүндүрмө берген.

455
Белгилер:
кепилдик, автоунаа, "Тез жардам" кызматы, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектин Тез жардам кызматына эки жыл токтоп турган 15 унаа кошулду. Сүрөт
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

Россияга барчу кыргызстандыктар үчүн чектөөлөрдүн баары алынды

3
(жаңыланган 22:33 20.09.2020)
Пандемиядан улам дээрлик бардык мамлекеттер чек арасын жаап, байланыш чектелген. Эпидемиологиялык абал турукташа баштагандан бери каттамдар жанданууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. 21-сентябрдан тарта Россияга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн бардык чектөөлөр алына турганын КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.

Маалыматта эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу авиакаттам жандангандыктан аба жолдору ачылганы айтылат.

Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат

"Азырынча рейс жумасына эки ирет "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" компаниялары аркылуу аткарылып турмакчы", — деп жазылат кабарда.

Мындан тышкары, Россияга барчу чет өлкөлүктөр коронавирус жок экенин тастыктаган ПЦР-тестинин жыйынтыгын көрсөтүшү шарт. Тестти жүргүнчү Россиянын аймагына кирген күнгө чейинки үч күндүн аралыгында тапшырышы зарыл.

3
Белгилер:
тест, коронавирус, элчилик, авиакаттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынмай болду
Премьер-министр Россияга болгон авиакаттамдарга чектөөлөр алынарын айтты
Бишкектин Жал микрорайонуна асмандан көрүнүш. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

38
Синоптиктер 21-сентябрда жаан-чачын болбой турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 21-сентябрда, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күн сууктайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Таласта +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +16...+21 жана Нарын жергесинде +17...+22 градус жылыйт.

Күндүн табы борборубузда +24...+26, Ошто +25...+27 градуска көтөрүлөт.

38
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы