Кымыз коронавирустан айыгууга жардам береби? Россиялык адис менен маек

© © Sputnik / Абзал КалиевРФтин Фтизиопульмонология жана жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча улуттук медициналык борбордун пульмонологу Евгений Попов
РФтин Фтизиопульмонология жана жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча улуттук медициналык борбордун пульмонологу Евгений Попов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10 күн мурда Казакстандагы дарыгерлерге жардам берүү үчүн Россиядан 32 адис келген. РФтин Фтизиопульмонология жана жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча улуттук медициналык борбордун пульмонологу Евгений Попов Sputnik Казакстандын суроолоруна жооп берген.

Биз кыскартып жарыялаган материалда COVID-19дун келерки толкунунун болор-болбосу, кымыздын коронавирусту айыктырууга жардам берер-бербеси жана чылым чеккендер тууралуу кеп болот.

Sputnik Казакстан: — Күзүндө эмне болот? Азыртадан эмнеге даярдануу зарыл?

Евгений Попов: — Коронавирустук инфекция бүтпөй турганын түшүнүшүбүз керек, ал бир топ вирустук оорулардын катарынан өзүнүн ордун табат. Ага чейин элдин көбү симптому жок болуп же жеңил түрү менен ооруп чыгат. Кыйыныраак нерсе, андан кийин дифференциялоодо турат.

Күздө КРде гриппке каршы массалык эмдөө болушу мүмкүн. Оорунун экинчи толкуну

Азыр башка вирустук инфекция жок (каптап жаткан жок — ред). Ал эми октябрда суук түшкөндө бири-бирине дал келиши мүмкүн. Башкысы, бул эки ооруну айырмалай жана диагноз кое билиш керек. Себеби бул дарылоо жагынан алганда өтө маанилүү. Ал эми коронавирустун экинчи же үчүнчү толкуну деген нерсе болбойт.

S.К.: — Андай болсо пандемия фонунда гриппке каршы эмдөө алуу керекпи?

Е.П.: — Профилактика иретинде вакцинация жүргүзүлүшү кажет. Болгондо да бекитилген мөөнөттө. Грипптин эпидемиясы жылдын соңуна жакын башталат. Ал эми вакцинация сентябрь, октябрда болот. Иммунитет бир нече айда өнүгөт, ал эми жасалган аракет, жооп оорунун чегине жеткен учуруна туш келиши керек.

S.К.: — Азыр коронавирус менен күрөшүүнүн бир нече "альтернативдүү" ыкмалары пайда боло баштады. Тамеки тарткандар коронавирусту жеңил көтөрөт экен деп бир катар казакстандыктар өздөрүн коргоо үчүн чылымга өттү. Бул канчалык чындыкка жакын?

Коронавирустан кийин өпкөнү калыбына келтирүүнүн ыкмалары айтылды

Е.П.: — Пульмонолог катары мен андай нерсени туура деп айта албайм. Чылым, никотин негизи тромбоциттерди активдештирип, тромбдун жаралуусун күчөтөт. Мен тамеки тарткандар оорубайт же аны жеңил көтөрөт деп айтпайт элем. Мунун баары имиштердин, мифтердин деңгээлинде, арак сындуу эле айтылган нерсе. Алкоголь коронавирустан сактабайт дагы, дарылабайт да.

S.К.: — Ал эми кымыз же саамалчы?

Е.П.: — Биз ичип көрдүк, даамдуу экен, кыязы пайдалуу да болсо керек. Бирок коронавирустан сактай турган нерселер кымыз менен саамалда жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0