Дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында дем алыш күндөрү күн ачык болору айтылды. Ишембиде Ысык-Көлдүн кээ бир жерлеринде жаан катуу жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Дем алыш күндөрү өлкө аймактарында аба ырайы өзгөрүлмөлүү болуп, айрым жерлеринде жамгыр жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Ишемби күнү, 18-июлда, Чүй менен Таласта жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Таласта күн ачык болот.

Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абадда күн ачык болот.

COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты

Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт. Кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болушу ыктымал.

Нарында өткүн өтөрү айтылды. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ал эми 19-июлда Нарын менен Ысык-Көлдөн башка аймактарда күн ачык болот. Эки аймакта жамгыр жаашы күтүлүүдө.

Бишкек шаарында дем алышта күн ачык болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0