Бүгүн дагы 603 киши вирус жуктуруп алганы аныкталды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТестке алынган кан үлгүлөр. Архив
Тестке алынган кан үлгүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары коронавирус менен пневмонияга чалдыккандардын жана андан айыккандардын статистикасы чогуу берилмей болду.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Өлкө аймагында дагы 603 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары — 300;
  • Чүй — 82;
  • Ош шаары — 67;
  • Баткен — 53;
  • Жалал-Абад — 48;
  • Ош — 42;
  • Ысык-Көл — 6;
  • Талас — 5.

Коронавирусту 86 адам жеңип, ооруканадан чыгарылды

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 13 101 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0