Кыргызстанда бир суткада пневмониядан 77 бейтап көз жумду

© REUTERS / Callaghan O'HareСитуация в США по случаю коронавируса
Ситуация в США по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүндөн тарта Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен пневмонияны кошуп бир статистика бере баштады. Ошондо бир сутка ичинде коронавирус менен пневмониядан 83 бейтап көз жумган.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада пневмониядан 77 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Буга чейин брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирус алты адамдын өмүрүн алганын айткан.

Өкмөт: пневмония болгондор эми COVID-19га чалдыккан деп эсептелет

Бүгүндөн тарта Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен пневмонияны кошуп бир статистика бере баштады. Ошондо бир сутка ичинде коронавирус менен пневмониядан 83 бейтап көз жумган.

77 киши төмөнкү аймактарда болчу:

  • Бишкек — 33;
  • Чүй облусу — 7;
  • Ош облусу — 9;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 17;
  • Жалал-Абад облусу — 11;
  • Баткен облусу — 1.
Жаңылыктар түрмөгү
0