Экс-министр Космосбек Чолпонбаев ооруканадан чыгарылды

Жазылуу
Экс-министр бир жума мурун жүрөктүн коронардык оорусу жана эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин абалы турукташып ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, экс-министр кечээ, 16-июлда, үйүнө чыгарылган.

"Ал мындан ары үй шартында обочолонуп дарыланат. Негизи эле ооруканадан орун бошотуу үчүн канааттандырарлык абалдагы бейтаптарды үйүндө дарыланууга чыгарып жатабыз", — деди Сарыбаев.

Космосбек Чолпонбаев 9-июлда түнкү саат 12.00дөр чамасында жүрөктүн коронардык оорусу менен оор абалда Кардиология борборуна жаткырылган. Кийинчерээк андан эки тараптуу пневмония дагы аныкталган.

Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков вирусту жеңип, ишке чыкты

Белгилей кетсек, Чолпонбаев 9-июлда күндүз Финполго суракка чакырылган. Ал Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата "коррупция жана өзүнчө бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон" деп козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берери айтылган.

Чолпонбаев 2018-жылы 20-апрелде саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл коронавирустун алдын алуу иштерин чабал аткарганы үчүн президент Сооронбай Жээнбековдон тил угуп, 1-апрелде кызматтан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0