Өкмөт стационарларга тажрыйбалуу медиктерди тартуу ишин күчөтөт

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВручение средств индивидуальной защиты медперсоналу в Оше
Вручение средств индивидуальной защиты медперсоналу в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер Республикалык штабдын жыйынында дасыккан адистерди тартууга артыкчылык берүүнү айткан.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Өлкө аймагында ачылган стационарларды тажрыйбалуу адистер менен камсыздоо ишин күчөтүү зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Өкмөттүн мүчөсү соңку күндөрү күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылып, медициналык мекемелерде орундардын саны көбөйтүлүп жатканын белгилеген.

"COVID-19дун кесепетинен каза болгондор көп болууда. Ошондуктан бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн тажрыйбалуу дарыгерлерди ишке тартууну күчөтүү керек", — деп айткан биринчи вице-премьер.

Ош шаардык Тез жардам кызматына жаңы үч автоунаа тапшырылды

Ошондой эле ал учурда тесттик режимде иштеп жаткан оорукана менен Тез жардам кызматынын өз ара координация жүргүзө турган электрондук программасынын ишин тездетүүгө милдеттендиргени айтылат.

Жыйындын соңунда Саламаттык сактоо министрлигине медиктерди жеке коргонуу каражаттары жана витаминдер менен камсыздоого катуу көзөмөл кылууну тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0