БШК кайра эсептеп чыгып шайлоонун чыгымдарын 285 миллион сомго кыскартты

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка к парламентским выборам в Бишкеке.
Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин республикалык бюджеттен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө 732 миллион сом каралган.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө кетчү чыгымдардын сметасын 446,9 миллион сом деп бекитти. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин шайлоого деп республикалык бюджеттен 732 миллион сом каралган. Бирок БШК чыгымдарды оптималдаштырып 446,9 миллион сом менен өткөрсө болорун эсептеп чыккан.

Үч депутат Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чакырууну сунуштады. Парламенттин жообу

Бул каражатка 2 462 шайлоо участкасы түзүлсө, анын ичинен 42си чет өлкөдө ачылат. Ар бир шайлоо комиссиясында 10-12ден адам иштеп, жалпысынан 30 833 кызматкер тартылат. Аларга эмгек акы төлөө каралган.

Мындан сырткары, добуш берүү башталганда күнү-түнү иштөөгө туура келгендиктен, Аймактык шайлоо комиссиясынын жана шайлоо участкаларынын мүчөлөрүнө, операторлорго (1846), ИИМдин кызматкерлерине (4680) тамак-ашка деп 500 сомдон берилет.

Ал эми санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу үчүн 60 миллион сом сарпталат.

Кыргызстанда шайлоо камы башталды. Ким, эмнеге даяр болушу керек

БШКнын маалыматы боюнча, өлкөдө 3 миллион 407 миң 895 шайлоочу бар. 2015-жылдагы Жогорку Кеңешти шайлоого салыштырмалуу добуш берүүчүлөрдүн саны 624 миң 240 адамга көбөйгөн.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына белгилөө тууралуу президенттин Жарлыгы 3-июлда күчүнө кирген

Жаңылыктар түрмөгү
0