Пневмонияга кабылган Текебаевдин абалы жакшырып, жубайы ооруканадан чыкты

© AP Photo / Dalton BennettЛидер политической партии "Ата-Мекен" Омурбек Текебаев
Лидер политической партии Ата-Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат жана анын жубайы пневмония оорусуна чалдыкканы аныкталып, бир нече күндөн бери ооруканада дарыланып жаткан.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Экс-депутат, "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин абалы жакшырып калды. Бул тууралуу анын тарапташы Искен Афиджанов билдирди.

Саясатчы жана анын жубайы Айгүл Текебаева пневмония оорусуна чалдыгып, бир нече күндөн бери ооруканада дарыланып жаткан.

"Өмүрбек Чиркешович жакшы болуп калды, бирок, тилекке каршы, сатурациясы тиешелүү нормадан төмөн болууда. Ал эми жубайы ооруканадан чыгып, үйүнө келди", — деди Афиджанов.

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев ооруканадан чыгарылды

Айгүл Текебаева Sputnik Кыргызстандын кабарчысына маалыматты ырастап, жолдошунун абалы жакшырып калганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0