Коронавирус айылдарды аралап кетти. Элетте кырдаал кандай?

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшСитуация в Оше из-за карантина в связи с коронавирусом
Ситуация в Оше из-за карантина в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы өлкөнүн аймактарындагы коронавируска байланышкан кырдаалдан кабар алды. Эпидемиологиялык абалга сереп салсак, тилекке каршы, COVID-19 жакында чегинер түрү жок...

Эгер өткөн айдын башында эле коомдо коронавирустун бар экенинен шек санаган пикирлер көп жаңырып, "тааныштарыңдын арасында деги ушул илдетти илештирген барбы?" деп келишсе, азыр ынанбаган киши калбады окшойт. Ааламга тараган вирус алатоолуктарды да аябай, күн сайын ондогон өмүрдү, жаш-карысын ылгабай алып кетүүдө.

Мурдагы күнү өкмөт өпкөнүн сезгенишин коронавирустун белгиси экенин расмий түрдө моюнга алды. Бийлик мурда COVID-19дан өлүм көрсөткүчү 1,3 пайыз деп келген болсо, бул илдет менен пневмония кошо саналганда ажалдан арачалай албай калгандардын саны алда канча арбын.

Премьер-министр Кубатбек Боронов өткөндө эле өлкөнүн аймактарында Бишкектегидей кырдаалга жол бербөө керектигин билдирген. Көпчүлүк илдет аймактарда күч алса, кесепети кейиштүү болорун айтышкан. Анткени айыл-кыштактарда дары-дармек таптакыр тартыш, медициналык жабдуу жетишпейт, дарыгерлер аз.

COVID: 1402 бейтап оор абалда, алардын ичинен 70 адам реанимацияда жатат

Sputnik Кыргызстандын редакциясына Ош облусуна караштуу Ноокат аймактык ооруканасында апасы дарыланып жаткан жаран кайрылды. Айтымында, бейтаптардын агымы көбөйгөндөн көбөйүп эле баратат.

"Бул жерда апам дарыланууда. Күн сайын бул ооруканада 3-4 киши үзүлөт. Өлүм саны жогору. Оор абалдагы бейтаптардын сакайып бөлөк бөлүмгө которулганын же ооруканадан чыгарылганын көрө элекмин", — дейт жигит.

Райондук оорукананын директору Асамидин Марипов өлүм учурлары көбөйгөнүн моюнга алат. 

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРРайондук оорукананын директору Асамидин Марипов
Коронавирус айылдарды аралап кетти. Элетте кырдаал кандай? - Sputnik Кыргызстан
Райондук оорукананын директору Асамидин Марипов
"Вирус бардык айылдарды аралап кетти. Мурда айылдардын көпчүлүгүндө бир да учур катталган эмес, биз негизинен чет өлкөдөн келгендерди дарылап келдик. Азыр илдет илештиргендер райондун бардык айылдарынан кайрылып жатышат. Күндө 200-300 киши көрүнгөнү келет, баарын жаткырууга шартыбыз жок. Улгайган жана бөлөк оорулары бар бейтаптарды гана кабыл алуудабыз. Кошумча орундарды даярдадык, бирок алар да 3-4 күн ичинде эле толуп калды. Ушул тапта дагы резерв издеп жатабыз", — дейт Марипов.

Айтымында, "кызыл зонага" кирип чыкпаган медик калган жок.

"Ноокат калктын саны боюнча чоң район, 300 миң тургуну бар. Ошондуктан өлүм учуру да көп, вирус ден соолугу начар, улгайган адамдарды алып кетүүдө... Бизге чын ыкластан ыктыярчылар, ординатор, мигрант жердештер жардам берип жатат. Өкмөттөн да медициналык жабдуулар келди", — дейт оорукананын директору.

Вирус тез тарап жаткан дагы бир аймак – Ысык-Көл облусу. Өткөн суткада мында 100 учур катталып, бир адам (кечээ 17 киши эле) каза болду.

Ысык-Көлдүн эс алуучуларына бир катар санитардык эрежелер киргизилип жатат

Дархан айылынын жашоочусу Sputnik Кыргызстанга күн сайын 2-3 киши бул илдеттен жан берип жатканын маалымдады.

"Мен өзүм ооруп сакайдым, коронавируспу же жокпу так айта албайм. Бүт сөөктөрүм талыкшып, бирде этим ысыса, бирде чыйрыктым. Ооруканага кайрылган жокмун, сода менен тамагымды чайкап, сарымсак менен пияз жедим. Айылда күндө суук кабар угуп жатабыз. Бул – теледен берилген статистика эмес, жаныбыздагы чындык. Ушул тапта мектепти күндүзгү стационарга айлантышкан, дарыканада кезек күткөндөр көрүнбөйт, бирок зарыл болгон дары-дармек да жок. Элди текшерүү үчүн врачтарга атайын коргоочу костюм жетишпейт", — дейт дархандык кыз.

Ал ортодо өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдиргендей, буга чейин кырдаал орточо туруктуу болчу, азыр оор деңгээлге өтүп барат.

"Бизде врачтар тартыш экени чындык. Облустук ооруканада бош орун бар, бирок бейтаптарды кабыл ала турган медиктер жетишсиз. Эл дүрбөлөңгө түшүп, дары-дармек камдап жатышат. Натыйжада аларга чындап муктаж болгондор таба албай жатышат, ал эми кимдир-бирөөлөрдүн үйүндө жөн эле турат", — деп кейийт өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев. Ошондой эле ал облуста медиктердин сунушу менен 10 күндүк обочолонуу акциясы жарыяланганын да кошумчалады.

1264 адамга жетти! Бир суткада COVID жана пневмонияга чалдыккандардын саны айтылды

Баткен жетекчилиги башка аймактардагы кесиптештеринен айырмалана катаал чектөөлөрдү киргизип, облусту толугу менен жабышкан. Коомдук транспорт токтогон, базарлар жабык, тамактануу жайлары иштебейт, жаратылышка эс алууга тыюу салынган. Региондон өз унааң менен да чыгып же кире албайсың.

"Биз абалды абдан кооптуу деп баалап жатабыз. Күн сайын 118 түз байланышына COVID-19 белгилери менен 50 чакты киши кайрылат. Азырынча ооруканаларда орун жетишерлик, бирок дагы кошумча орун түзүү аракетиндебиз", — дешет өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүндөгүлөр.

Эгер башка аймактарда жагдай эми курчуп бараткан болсо, Чүй облусундагы кырдаал башынан бери жүрөктүн үшүн алат. Бир суткада мында 181 киши катталган, бул Бишкек шаарынан кийинки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

"Вируска чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Аламүдүн жана Сокулук райондорунда, алар борбор калаада иштешкен. Көпчүлүгү элдик жана протоколдо камтылбаган башка ыкмалар менен дарыланып жатышат. Тилекке каршы, ооруканага адамдар өтүшүп кеткенде кайрылып жатат. Ошондуктан үч күндөн бери облустун аймагында COVID-19га кабылган бейтаптар кыдырып аныкталууда", — дейт өкмөттүн өкүлү Алтынбек Намазалиев.

Салыштырмалуу түрдө Талас облусунда бир суткада 88 COVID-19 учуру катталган. Бул чоң көрсөткүч, себеби жакында эле бул аймакта илдетти жуктурган бир дагы бейтап болгон эмес.

Нарында медиктер үймө-үй кыдырып ооруга чалдыккандарды аныктайт

Нарын облусунда кайрадан санитардык посттор коюлду, ары-бери өткөн элдин дене табы өлчөнүүдө. Аймактын бийлиги тургундарга коомдук жайлардан оолактап, жайлоо жана тоого чыгууга кеңеш берүүдө.

Нарын облусунда бир суткада коронавирустан жети киши каза тапты.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын директору Курманбек Ботокараевдин маалыматына караганда, облустук стационарга күн сайын өтө оор абалда 10 чакты бейтап келүүдө. Врач алардын көбү илдетти жеңип жатканына ишендирет. Анткен менен акыркы суткада облуста коронавирустан 19 киши көз жумган.

Ушул тапта Кыргызстанда дээрлик 24 миң жаран COVID-19га кабылган. Вирус 858 кишинин өмүрүн алды, өлкөдөгү кырдаалга карасак, жакында токточудай түрү жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0