Россия Кыргызстанга коронавируска даба болчу авифавир дарысын жиберет

© Российский фонд прямых инвестиций (РФПИ) / Медиабанкка өтүүОтечественный препарат "Авифавир" для лечения COVID-19 начали поставлять в регионы России
Отечественный препарат Авифавир для лечения COVID-19 начали поставлять в регионы России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан авифавир сыноодон ийгиликтүү өтүп, учурда колдонулуп жатат.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Россия кийинки жумада Кыргызстанга коронавирустан айыктыруучу авифавир дарысын жиберет. Бул туурасында КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги аталган вакцинаны өлкөгө ташып келүүгө уруксат берген.

Өкмөт: жакында Кыргызстанга Россиядан гуманитардык жүк келет

Буга чейин кыргыз өкмөтү коронавируска даба болчу авифавир препаратын алуу боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылган

Авифавир — COVID-19дан айыктыруу үчүн россиялык окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан дары. Ал сыноодон ийгиликтүү өтүп, учурда адамдарга колдонулуп жатат.

COVID: авифавирди амбулатордук түрдө колдонууга уруксат суралууда

Авифавир дүйнөдө коронавирусту дарылай турчу эң натыйжалуу дары болот деп ишендирип жатышат. 2014-жылдан бери аны Япония сасык тумоонун оор формасын дарылоо үчүн колдоно баштаган. Коронавирус пандемиясынан улам россиялык окумуштуулар дарыны модификациялап, дарылоо протоколун өзгөртүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0