Жээнбеков учурда аны эмне өкүндүрүп жана кубандырып жатканын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековБольшая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова
Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы чиновниктердин айынан ишканалар тушалып жатканын белгилеп, Токмоктогу "Транс текстиль" фабрикасын мисал келтирди.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалда аны чиновниктердин ишине жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамиле кылганы абдан өкүндүрөрүн айтты. Мамлекет башчы "Биринчи радиого" маек курган.

Жээнбеков чиновниктердин айынан ишканалар тушалып жатканын белгилеп, Токмоктогу "Транс текстиль" фабрикасын мисал келтирди.

"Бул фабрикага мурда барганымда кездеме чыгарып жаткан. Учурда алар профилин өзгөртүп, бет кап чыгара башташыптыр. Бет капты Кыргызстандын ичинде эле эмес, башка өлкөлөргө да экспорт кылууга мүмкүнчүлүгү бар фабрика. Эми ошого жардам бергендин ордуна мамлекеттик органдар, айрыкча орто звенодогу чиновниктер бир-эки кагазын бербей толук кандуу иштей албай жатат. Кечээ ушуну көрүп абдан кейидим", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков Чүйдөгү бет кап чыгарган фабриканын иши менен таанышты. Сүрөт

Мындан улам мамлекет башчы Каржы министрлигинин башкармалыгынын, Экономика министрлигинин, Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик органдын, Саламаттык сактоо министрлигинин кайдыгерлигине абдан капаланып турганын ачык билдирди.

Бул боюнча тапшырма бергенин айтып, чара көрүлөрүнө убада берди. Ошону менен катар мындай жетекчилердин орду бийликте эмес, башка жерде экенин баса белгиледи.

Жээнбеков ыктыярчыларга: мындай уул-кыздарыбыз барда дартты жеңерибизге ишенем

Ал эми Жээнбековду кубандырганы — кыргыз элинин кең пейилдиги, ынтымактуулугу жана биримдиги.

"Оор мезгилде биз, кыргыз эли, өзүбүздү көргөздүк. Баары суктанып жатышат. Мамлекет кыйналып калганда ишкерлерибиз, ыктыярчыларыбыз, жалпы эл көтөрүлдү, "Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот" дегендей, мына мени ушул кубандырат. Анан дарыгерлерибиздин баатырдыгы кубантат. Учурдан пайдаланып, биздин медиктерге башымды ийип, чын ниетимен дагы бир ирет таазим кылам!" — деди Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчы ишкерлер менен ыктыярчыларга дагы "кылган ишиңер Кудайдан кайтат, кайтпай койбойт" деп рахматын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0