Кишилер коопсуз бет капчан. Архив

Коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү. Пульмонологдун кеңеши

1169
(жаңыланган 12:20 19.07.2020)
Адис билдиргендей, бейтаптын ооруканадан чыгаралышы дени-карды соо экендигинен кабар бербейт. Аны калыбына келтирүү бир айдан алты айга чейин созулушу мүмкүн.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Дарыгер-пульмонолог Бермет Естебесова коронавирустук инфекциядан айыккандан кийин ден соолукту калыбына келтирүү жолдору тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

Ал билдиргендей, бейтаптын ооруканадан чыгаралышы дайыма эле дени-карды соо экендигинен кабар бербейт.

"Кишинин алы-күчү кетип калгандыктан башка ооруларды көтөрө албай калат. Коронавирус өпкөнү гана эмес, жүрөк, боор, уйку безин жана башка органдарды жабыркатат. COVID аягына чейин изилдене электигине байланыштуу анын организмге таасири тууралуу так жана кенен маалымат жок", —деди Естебесова.

COVID-19дун кесепети адамды өмүр бою ээрчип жүрүшү мүмкүн. Дарыгерлердин пикири

Анын айтымында, ден соолукту калыбына келтирүү процесси бейтаптын абалына жараша бир айдан алты айга чейин созулушу мүмкүн.

"Жабыркаган өпкөдө пайда болгон фиброз дароо кетпейт. Тагыраагы, өпкөнүн тканы бардыгында эле толугу менен жана тез калыбына келбейт. Ошол себептен бейтап өзүнө абдан аяр мамиле жасап, дени сак жашоо образы менен өмүр сүрүшү керек. Бул жерде психосоматикалык абал сыяктуу эле туура тамактануу да чоң мааниге ээ", — деген пульмонолог.

Ал белгилегендей, иммунитетти калыбына келтирүүдө элдик каражаттарды колдонуп тобокелге барбоо керек. Андай суроолор боюнча дарыгерден кеңеш алуу зарыл.

1169
Белгилер:
тамактануу, ден соолук, өпкө, коронавирус, пульмонолог
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1461)
Тема боюнча
Кыргызстанга жакын Үрүмчү шаарына аскердик абал режими киргизилди
Россия Кыргызстанга коронавируска даба болчу авифавир дарысын жиберет
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

39
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

39
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

66
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

66
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео