Москвадан келген 15 медикти Ош шаары салтанаттуу тосуп алды

Москвадан келген 15 медикти Ош шаары салтанаттуу тосуп алды. Сүрөт

528
(жаңыланган 12:09 19.07.2020)
Москвада жашап-иштеген кыргызстандык медиктер коронавируска каршы күрөшүүдө кесиптештерине жардам берүү үчүн ыктыярдуу түрдө келишкен.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ош шаарына Москвадан келген дарыгерлерди салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

  • В международном аэропорту города Ош состоялась встреча 15 медработников. 18 июля 2020 года
    Ош шаарына Москвадан келген дарыгерлерди салтанаттуу тосуп алышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • В международном аэропорту города Ош состоялась встреча 15 медработников. 18 июля 2020 года
    Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • В международном аэропорту города Ош состоялась встреча 15 медработников. 18 июля 2020 года
    Москвада жашап, иштеген кыргызстандык медиктер коронавируска жана пневмонияга каршы күрөшүүдө кесиптештерине жардам берүү үчүн ыктыярдуу түрдө келишкен
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • В международном аэропорту города Ош состоялась встреча 15 медработников. 18 июля 2020 года
    Аларды Ош аэропортунан шаардык кеңештин төрагасы, вице-мэр баштаган топ тосуп алды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • В международном аэропорту города Ош состоялась встреча 15 медработников. 18 июля 2020 года
    Чогулгандар жардамга келген дарыгерлерге ыраазычылык айтып, элдин ден соолугуна кам көргөн аракеттерине ийгилик каалашты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • В международном аэропорту города Ош состоялась встреча 15 медработников. 18 июля 2020 года
    Москвадан келген 15 медикти Ош шаары салтанаттуу тосуп алды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 6
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарына Москвадан келген дарыгерлерди салтанаттуу тосуп алышты

Москвада жашап-иштеген кыргызстандык медиктер коронавируска жана пневмонияга каршы күрөшүүдө кесиптештерине жардам берүү үчүн ыктыярдуу түрдө келишкен.

Четте карап тура албадым. Кыйын күндө мекенге кайткан дарыгердин маеги

Аларды "Ош" аэропортунан шаардык кеңештин төрагасы, вице-мэр баштаган топ тосуп алды.

Чогулгандар жардамга келген дарыгерлерге ыраазычылык айтып, элдин ден соолугуна кам көргөн аракеттерине ийгилик каалашты.

528
Белгилер:
Ош шаары, медик, ыктыярчылар, Москва, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2709)
Тема боюнча
Коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү. Пульмонологдун кеңеши
Кыргызстанга жакын Үрүмчү шаарына аскердик абал режими киргизилди
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

3
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев өлкөдө граундхоппинг аркылуу футболдук стадиондорго барып, дүйнөнү кыдыргандардын саны көбөйүп жаткандыгын айтты.

Дүйнөнүн белгилүү граундхопперлери Кыргызстандагы футболдук беттештерге катышып, стадиондорду каттап кеткендер бар. Мындай пикирин Бексултан Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

Анын айтымында, граундхопперлер футбол көрүп, стадиондорду гана каттабастан башка элдердин маданиятын, тарыхын өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышат.

"Граундхоппинг – футболдук саякаттын бир түрү. Бул түшүнүктүн максаты башка өлкөгө стадионго барып, футбол көрүп, ошол жерди каттоо дегенди билдирет. Бирок жөн гана стадионго кирүү эмес, ал элдин маданиятын, тарыхын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, граундхоппинг аркылуу дүйнөнү кыдырса болот. Жалпак тил менен айтсак, стадиондорду коллекциялоо. Бул кыймыл Англияда пайда болгон. "Бристоль Сити" клубунун күйөрманы Англияда болгон 92 футболдук беттешке барып, стадиондорду белгилеген. Бул жетишкендикти каттоо максатында гезит ачып, ийгилиги тууралуу бөлүшкөн. Анын эрдигине суктанып, башкалар да стадиондорду кыдыра башташкан. Өлкөдө фанатизм маданиятына кызыккандар бул кыймылды жакшы түшүнөт. Кыргызстанда мындай адамдардын башын бириктирген уюм жок. Болгону "граундхоппер" деген тиркемени смартфонго көчүрүп алып, барган стадионду, оюнду, шаарды белгилеп каттап коёбуз. Бизде кыймылга активдүү катышкан 4-5 адам бар. Мисалы, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүнөн граундхопперлер келгендигин кароого болот", — деди Усеналиев.

Ошондой эле ал Кыргызстан европалыктар үчүн абдан кызыктуу өлкө деп эсептелерин кошумчалады.

3
Белгилер:
Бексултан Усеналиев, саякат, футбол
Тема боюнча
Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?
Жайлоо. Архив

Прокуратура: Ысык-Көлдөгү менчиктелип кеткен жайыт мамлекетке кайтарылды

25
(жаңыланган 12:13 14.05.2021)
2015-жылдын жай айларында жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер райондук соттун чечими менен менчикке өтүп кеткен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ысык-Көл облустук прокуратурасы менчикке өтүп кеткен 3,48 гектар жерди аныктап чыгып, аны кайра мамлекетке кайтарды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен 2015-жылдын жай айларында жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер К.А. аттуу жарандын менчигине мыйзамсыз берилип кеткен. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө бул фактылар ачыкка чыкты", — деп айтылат маалыматта.

3,48 гектар жайытты мамлекетке кайтарып бериш үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасы доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырган. Анын натайжасында кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

25
Белгилер:
менчиктештирүү, чечим, жер, сот, прокуратура, Ысык-Көл району, Кыргызстан
Тема боюнча
Прокуратура: Таластагы жайыт, Нарындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды