Ысык-Көлдүн 32 жаштагы тургуну Азамат Маджиков

Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги

1758
(жаңыланган 13:30 19.07.2020)
Ысык-Көлдүн 32 жаштагы тургуну Азамат Маджиков кагыраган талааны гүлдөгөн бакка айланткан. Ал иштеткен жерден он жыл мурун мөмө берген бакты, балдарын ээрчиткен жапайы жаныбарларды көрүүгө мүмкүн эмес эле.

Учурда элеттик жаратман каралбай жаткан адырдан тонналаган мөмө-жемиш жыйнап, аны чет өлкөгө сатып келет. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы эмгекчил багбандын бакчасын көрүп, маек куруп кайтты.

32-летний житель Иссык-Куля Азамат Маджиков
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Бир канча жыл мурун эле бул жер кагыраган талаа болчу. Азыр 60 гектар аянтта алма, өрүк, кокон гилас өсүп, чет жакка экспорттолот.

— Сиздер өздөштүргөн жердин аянты 60 гектар экен. Ишти баштоодо кандай тобокелчиликтерге бардыңыз?

— Кичинекей кезимден эле бир туугандарым менен багбанчылыкка кызыкчубуз. Жети-Өгүз районунда өрүк көп өсөт эмеспи, мектепте окуп жүргөн кезде эле өзүмдүн айылымдан өрүк алып башка айылга жеткирип акча тапчумун. Күнүнө 1 000 сомдой пайда көрчүбүз. Ошондо чоң аянтка тигип, жүк ташуучу унаалар менен сатса болчудай экен деп ойлоп койгом. Ал жылдары мал чарбачылык менен алектенип, бука байлачубуз. Бул жерлер мурун жайыт багытында пайдаланылып каралбай эле жаткан. Анан биз үй-бүлөбүз менен кеңешип, 49 жылга ижарага алып өздөштүрө баштаганбыз. Каржы маселесинен улам башында көчөт тандоого да мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ким көчөтүн карызга берсе ошонукун тикчүбүз. Азыр ойлосом аябай тобокелчилик кылыптырбыз. Тааныштарым "чыгашага учурап, карызга батып, алапайыңды таппай отуруп калат болушуң керек деп ойлочубуз" деп айтып калышат. Бирок шаарда иштеген агам, эжем тапканын берип, биз болгон акчабызды салып отуруп учурдагы даражага жеттик. Азыр 60 гектар жерде алма, өрүк, кокон гилас, алмурут бар. Кийинки жылдары карагат дагы тигели деп турабыз. Анын көчөттөрүн Украина, Польшадан алып келип, бул жактан көбөйтүп жатабыз.

32-летний житель Иссык-Куля Азамат Маджиков
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Азамат Маджиков 32 жашта. Талыкпаган эмгегинин аркасы менен чөл жерди гүлдөтүп, ажайып бакка айланткан.

— Жаңы баштаган иште кыйынчылыктар, бут тосуулар болбой койбойт эмеспи...

— Башында күчкө салып эле 30 гектарга көчөт тигип салганбыз. Эми элестеткиле, ошолорду бир жыл трактор менен суу ташып сугарып жүрдүк. Бул жакка союз маалында жердин алдына салынган темир түтүктөр аркылуу суу келчү экен. Насостук станциянын кызматкерлерине чоң рахмат, алардын жардамы менен ишибиз алдыга жылган. Убагында таланып-тонолуп кеткен түтүктөрдү жамап, өзүбүзгө 5 000 метр кубдан ашык суу баткан чакан суу сактагыч курдук. Бут тосуулар көп эле болду. Көчөттөрдү отургузгандан кийин тегеректеги чабандар малын ээн-эркин жая албай, алар тааныштарына кайрылып, укук коргоо органдарына арыз жазып тоскоолдук кылышты. Милиция бизге карата иш козгогонго чейин барган. Дагы жакшы, тиешелүү уруксат кагаздарыбыз болгондуктан бизди көпкө чейин сүйрөй алышкан жок. Ыраматылык чоң атам баштагандан кийин таштаба деп айтып, бизди күжүрмөн болууга үйрөткөн. Талаада кыйналганыман отуруп алып ыйлап, көз жаш токтогондо кайра суу сугарып, арык чаап жүрө берген күндөр өткөн. Кээде ошолорду эстеп алып күлөбүз. Адам кыйынчылык өтүп кеткен соң аны унутуп калат экен.

Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги

32-летний житель Иссык-Куля Азамат Маджиков
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Ишкер Маджиков: Бут тосуулар көп эле болду. Көчөттөрдү отургузгандан кийин тегеректеги чабандар малын ээн-эркин жая албай, алар тааныштарына кайрылып, укук коргоо органдарына арыз жазып тоскоолдук кылышты. Милиция бизге карата иш козгогонго чейин барган.

— Чарбаңыз көлдүн жээгинен алыс, кумдак, ак топурак болгон жерде жайгашкан экен. Бул жагы бир топ эле кыйын болуш керек?

— Бакчабыз калк жашаган аймактан алыс, аянтта суу тартыш. Лабораториядан да жердин асылдуулугу өтө төмөн экен деп бүтүм чыгарышкан. Адистер мындай жерди иштетүүдө зыянга учурайсың дешкен. Түркиядан алып келинген жер семирткичтерди колдонуп жатабыз. Мурун кагырап эле турган талаа укмуш жашылданып калды. Азыр бакта чөптүн түрү чыгып, кыргоол, кашкулак, түрдүү чымчыктардын мекенине айланды. Мурун бир дагы тирүү жан жок болчу. Кыргоолдор басып чыккан балапандарын ээрчитип жүрүшөт, коендун көптүгүн эми айтпа. Майда-чүйдө аңчылык кылып жүргөндөрдү да бакка киргизбейбиз. Кыскасы, азыр багыбыз жан-жаныбарлардын тынч жайына айланды.

32-летний житель Иссык-Куля Азамат Маджиков
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Ишкер Маджиков: Мурун кагырап эле турган талаа укмуш жашылданып калды. Азыр бакта чөптүн түрү чыгып, кыргоол, кашкулак, түрдүү чымчыктардын мекенине айланды. Мурун бир дагы тирүү жан жок болчу. Кыргоолдор басып чыккан балапандарын ээрчитип жүрүшөт, коендун көптүгүн эми айтпа.

— Чарбаңыз учурда канча адамды жумуш менен камсыз кылат?

— Түшүм жыйноо маалында 80ге жакын адам иштейт. Жыл сайын январь айында бактарды кыйыштырып, аны жазында бүтөбүз. Ошол маалда, сугат учурунда онго жакын тургун туруктуу эмгектенет. Андан сырткары, өзүбүз да иштейбиз.

Аялмын деп үйдө отура бербеш керек. Шаардык дыйкан келин  менен маек

— Он жылдан бери багбанчылык менен алектенип келет экенсиз. Ишкерликтин бул түрү кирешелүү эле бекен?

— Кудайга шүгүр, жакшы эле. Ошол эле маалда түйшүгү да арбын. Бир нече жыл мурун салган каражатыбыздын пайдасын эми көрө баштайбыз. Жылдан-жылга алган мөмө-жемишибиздин көлөмү көбөйүүдө. Түшүмдү сатууда такыр көйгөй жок. Мөмө-жемиш көп болсо, талаадан эле дүңүнөн кымбат алып кетишет. Буюрса, алдыда чет өлкөгө өзүбүз ортомчусуз алып чыгабыз. Былтыр үч фура өрүк, он тоннадай кокон гилас сатканбыз. Быйыл жазында үшүк жүрүп кеткендиктен беш тоннадай кокон гиласты чет өлкөгө жөнөттүк. Анын көпчүлүлүк бөлүгү Россиянын шаарларына кетти.

32-летний житель Иссык-Куля Азамат Маджиков
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Азамат Маджиков:Түшүм жыйноо маалында 80ге жакын адам иштейт. Жыл сайын январь айында бактарды кыйыштырып, аны жазында бүтөбүз. Ошол маалда, сугат учурунда онго жакын тургун туруктуу эмгектенет.

— Ысык-Көлдүн алмасын, өрүгүн кыргызстандыктар гана эмес, чет элдиктер да мактайт. Элеттиктерге кандай кеп-кеңеш бересиз?

— Ооба. Бизден сатып алган ортомчулар россиялыктар Ысык-Көлдүн өрүгүн атайын күтүшөт деп айтып калат. Кыргызстандын бардык жерине бак-дарак, мөмө-жемиш тигип, киреше тапса болот. Ишимдин аркасы менен Өзбекстан, Казакстан, Россиянын көп жерлерине барып калдым. Ошондо Кыргызстандын жери багбанчылыкка эң сонун экенине көзүм жетти. Биздин элде билгени да, билбегени да болбойт деп айта берет. Он жылдан бери ушул бакты иштетип келе жатабыз. Ар бир ишке илимий мамиле кылып, билимдүү адистердин кызматын колдонсок, бул тармак көп киреше алып келип, көптөгөн адамдар да жумуш менен камсыз болот эле.

32-летний житель Иссык-Куля Азамат Маджиков
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Ишкер: Түшүмдү сатууда такыр көйгөй жок. Мөмө-жемиш көп болсо, талаадан эле дүңүнөн кымбат алып кетишет. Буюрса, алдыда чет өлкөгө өзүбүз ортомчусуз алып чыгабыз. Былтыр үч фура өрүк, он тоннадай кокон гилас сатканбыз. Быйыл жазында үшүк жүрүп кеткендиктен беш тоннадай кокон гиласты чет өлкөгө жөнөттүк. Анын көпчүлүлүк бөлүгү Россиянын шаарларына кетти.

— Мөмө-жемиштерди кайра иштетип, даяр продукцияны өндүрүп чыгууга кандай карайсыздар? Алдыда кандай пландар бар?

— Өткөн жылы колубуздан келишинче алма, өрүктөн шире чыгарчу чакан цехти ишке киргиздик. Буюрса, кошумча жабдууларды алып кеңейтебиз. Антпесе тонналаган өрүк, алма жерге түшүп, жөн эле чирип калууда. Пландар боюнча айтсам, жакшы көчөттөрдү дыйкандарга арзан баада сунуштайбыз. Ал үчүн өзүбүздүн питомникти иштете баштадык. Көлдүктөрдү карагат өстүрүүгө үндөп, ар бир тургундун үлүш жеринде жок дегенде 10 же 20 сотых карагаты болсо экен деп жатам. Себеби ишкерлер аны көп көлөмдө, жогору баада сатып алууга даяр экенин билдирүүдө. Өзүмдүн эле чарбам эмес, жалпы эл өнүксө деген тилегим бар.

Колу-бутуман ажыраганыма өкүнбөйм. Павлония багын өстүргөн Монкоев менен маек

32-летний житель Иссык-Куля Азамат Маджиков
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Ишкер: Насостук станциянын кызматкерлерине чоң рахмат, алардын жардамы менен ишибиз алдыга жылган. Убагында таланып-тонолуп кеткен түтүктөрдү жамап, өзүбүзгө 5 000 метр кубдан ашык суу баткан чакан суу сактагыч курдук.

— Өлкөдө канчалган гектар жер өздөштүрүлбөй жөн эле жатат. Алардын аянтын азайтуу үчүн элеттиктер кандай жардамга муктаж?

— Мамлекет дыйкандарга керектүү лабораторияларды ишке киргизип, кесипкөй адистерди даярдап берсе жакшы болмок. Анткени биз ушул жактан кыйынчылыктарды байкап жатабыз. Коңшу мамлекетке чыкканда ал маселелер жолго салынганын байкап жүрөм. Ошого жараша дыйкандардын ишинин жыйынтыгы көрүнүп, жыйнаган түшүмү арбын болмок.

1758
Белгилер:
маек, дыйкан, айыл чарба, Кыргызстан
Тема боюнча
Колу-бутуман ажыраганыма өкүнбөйм. Павлония багын өстүргөн Монкоев менен маек
Айылда акча табуунун жолу. Бөдөнө бизнесинин оош-кыйышы тууралуу маек
Окумуштуу Чериков: бийлик КР илимпоздору ойлоп тапкан нерседен чет элдикин өйдө көрөт
Бишкектеги темир жол станциясы. Архивдик сүрөт

"Кыргыз темир жолу" ишканасы сатылганы жатабы? Өкмөт жооп берди

27
(жаңыланган 13:06 26.09.2020)
Өкмөттүн аппаратынын билдиришинче, айрым ЖМКлар улуттук компания Россия тарапка сатылышы ыктымал деген маалыматты таратышкан.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" ишканасы сатылышы мүмкүн деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары аталган улуттук компания Россия тарапка сатылышы ыктымал деген маалыматтарды жазып чыгышкан.

Бирок өкмөттүн аппараты маалыматты төгүндөп, ал кеп ойдон чыгарылганын жана эч кандай негизи жоктугун белгиледи.

Акунов: суу сатылып жатат деген маалымат жалган

"Биринчиден, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын акционерлештирүү маселеси каралган эмес жана каралбайт. Экинчиден, ишкананын бир нече жылдык планы бар, анда ички жана эл аралык жаңы темир жолдорун куруу каралган. Бул өлкөбүздүн экономикалык абалына жана өнүгүүсүнө олуттуу таасирин берет. Ошондой эле акыркы мезгилде улуттук компанияда жүз миллиондогон сомдук каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схемалар ачылып, аталган ишкананын мурдагы жетекчилери кармалганын белгилей кетели", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт ишкана сатылат деген фейк маалыматтарды таркатуу айрым саясий күчтөргө пайдалуу болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жогорудагыдай маалыматты жарыялагандарды сотко берүү үчүн документтерди даярдап жатканы айтылды.

27
Белгилер:
маалымат, фейк, сатуу, өкмөт, ишкана, Кыргыз темир жолу
Тема боюнча
Өкмөт "Жеткиликтүү турак жай" долбоорунун жаңыланган версиясын сунуштады
Блокнотко жазган киши. Архивдик сүрөт

Малайлык, музооканада жашаган күндөр. "Ажардын" автору Баялинов жөнүндө 9 факты

37
(жаңыланган 12:40 26.09.2020)
Бул күндөрү кыргыз прозасынын жана кесипкөй котормочулуктун башында турган жазуучу Касымалы Баялинов жарыкка келген. Ал эми быйыл залкар калемгердин 118 жылдыгы белгиленүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги оор тагдырга туш болуп кыйын кезеңдерди башынан өткөргөн улуу инсанды эскерип, анын өмүрү менен чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Орус улутундагы айылдашынан тил үйрөнгөн бала. Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Көк-Мойнок айылында бардар үй-бүлөдө туулган. Бирок ата-энесинен эрте ажырап, туугандарынын колунда өскөн. Мектептин жоктугунан улам кичинекей Касымалы айылдагы орус улутундагы адамдан сабак алып, күн сайын он сөздөн үйрөнүп, орус тилин өздөштүрүүгө аракет кылган.

Ачылбай калган каттар, жазылбай калган саптар. Кусейин Эсенкожоев тууралуу кызыктуу алты факты

Кытайдагы оор күндөр. 14 жашында эл менен кошо Кытайга качып, окуусун андан ары уланта албай калган. Бөтөн эл, бөтөн жердеги кыйын учурларды жазуучу кийин минтип эскерген: "Малыбыз ашууда кырылып, андан калган бирин-экиси Турпанга келгенде "делбе" чөптү жеп ууланып өлүп, кур алакан калдык. Колубузда бирин-серин гана жандыгыбыз бар. Ошолордон берип уйгурлардын уйкана, музооканаларына баш калкаладык. Жээнбай абам, Сейилкан апам бизге коңшу. Алар уйканада, биз музооканада турабыз. Канчалык жууп, шыпырып, тазалап,  эшигин улам ачып желдетсек да жипкирткен сасык жыт такыр кетпейт. Айла канча! Эшигине кийиз калап, жерине чөп төшөп, ошондо жашап турабыз", — деп жазган өз эскерүүсүндө.

Билимге умтулган өспүрүм. Октябрь революциясынан кийин ал жактан кайтып келгенде малайлык кылып, 1918-жылы Токмокко жөө келет. Курсагын тойгузуу үчүн аскердик бөлүмдө ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек ташуучу да болуп жанын баккан. 17 жашында комсомолго кабыл алынып, ошол эле жылы Ташкенттеги алты айлык советтик-партиялык курсун аяктаган. Андан соң жарым жылдык педагогикалык курсту окуган. 1925-жылы Алматыдагы казак педагогикалык техникумун, 1933-жылы Москвада Бүткүл союздук журналистика институтун бүтүргөн.

Уктап жатканда атып кетишкен. Султан Ибраимов тууралуу 10 факты

23 жаштагы редактор. Билим алып жүргөн учурунда бир топ жерде иштегенге да үлгүрөт. 18ге чыкканда Нарында Комсомол комитетинде эмгектенип, 23 жашында Москвадагы Борбордук басмакананын кыргыз бөлүмүнө редакторлук кызматка жиберилет. 1920-30-жылдары төрт жылдай Кыргызмамбастын башкы редактору кызматын аркалаган. Кийин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук гезитинде, "Советтик Кыргызстан" басылмасында, согуш жылдары "Ысык-Көл правдасы" облустук гезитинде редактор болуп эмгектенген.

Кыргыз прозасынын башатында турган. Болочоктогу белгилүү акын жана жазуучу алгачкы ырларын 1920-жылдардын башында жарата баштап, чыгармалары казак, татар тилдеринде окурмандарга сунушталат. 24 жашында улуттун трагедиясы болгон 1916-жылдагы Үркүндүн оор күндөрүн баяндаган "Ажар" аңгемеси жарыкка чыгып, ал чыгармасы менен кыргыз прозасынын баштоочусу катары таанылган. Баялинов андан соң "Бакыт", "Кыйын өткөөл", "Курман жылга" повесттерин, "Боордоштор", "Көл боюнда" романдарын, "Түлкү менен суу", "Чабалекей менен жылан", "Шаифтин аңгемеси", "Мурат" аттуу аңгемелерин жараткан. Эмгектери орус, азербайжан, өзбек, казак, татар, француз, англис, немис, чех тилдерине которулган, анын айрым чыгармалары азыркыга чейин окурмандардын колунан түшпөй келет.

Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты

Фронтко аттанып, бирок барбай калган. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Касымалы Баялинов да башкалар сыяктуу эле аскерге чакыртылып, жоокерлер поездге отургузулган. Бирок бийлик мугалим, кабарчыларды өз жеринде калтыруу чечимин кабыл алып, фронтко кетпей калган. Анын үстүнө көп жыл кургак учук менен алышып жүргөн. Ошол мезгилдери Баялиновдун фин согушуна катышкандыгы үчүн капитан чини болгон.

Кесипкөй котормочу. Калемгер жазуучулуктан сырткары котормочулук менен да алектенген. Ал кесипкөй котормочулардын алгачкыларынан болуп, Максим Горькийдин "Макар Чудра" аттуу аңгемесин, Александр Пушкиндин "Кавказ туткуну", "Руслан менен Людмила" аттуу поэмалары, "Евгений Онегин" романын жана башка бир топ орус жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Акаевге кеңешчи, Өзбекстанга элчи болгон. Салижан Жигитов тууралуу 9 факты

Өз арабасын өзү тартып... Жаштайынын жетимчиликтин, жокчулуктун азабын тарткан Касымалы өзүнүн күчү менен эле СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Кыргызстан Жазуучулар союзунун жетектеп, СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалынын Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. Түрдүү бут тосууларга карабай Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуп да шайланган.

Министрдин атасы. Кыргыз эл жазуучусу өзүнүн келинчеги менен Башкыртстанда таанышкан. Түгөйлөр баш кошуп эки уул, эки кызды тарбиялап чоңойтушкан. Улуусу Марклен көп жыл маданият тармагында иштеп, Кыргыз ССРинин маданият министри болгонго чейин жетишкен. Кыздарынын бири ЖОЖдо тилчи мугалим болуп иштесе, экинчиси музыкант. Кичүү уулу узак убакыт Автордук укук боюнча бүткүл союздук агенттикте иштеген. Учурда алардын бардыгы пенсияда. Кыргыз эл жазуучусу 1979-жылы 3-октябрда 77 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

37
Белгилер:
факты, Касымалы Баялинов, жазуучу, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Тема боюнча
Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты
Опера жана балет театрын гүлдөткөн! Марклен Баялиновдун жасаган иштери
ӨКМ кызматкери. Архивдик сүрөт

Оту асманга атылып. Бишкектин 5-кичи районундагы өрттүн видеосу

0
(жаңыланган 13:40 26.09.2020)
Аянты 40 чарчы метр темир павильон күйгөн. Адамдын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаралбаганын айтышты.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 5-кичи районда павильондон өрт чыкты. Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram каналы жарыялады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 25-сентябрда, өрт чыккандыгы боюнча кабар түшүп, аны өчүрүүгө саат 21:22де Октябрь райондук №5 ӨКМден бир бөлүм тартылган.

Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео

Такталган маалыматка ылайык, 5-кичи райондогу №82 көп кабаттуу үйдүн жанында  учурда иштетилбей турган 40 чарчы метрлик темир павильон күйгөн.

Өрттүн адамдын ден соолугуна, өмүрүнө кесепети тийген эмес.

0
Белгилер:
Бишкек, ӨКМ, кырсык, өрт
Тема боюнча
Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр