Окумуштуулар COVID-19дун симптомдоруна жараша алты түрүн аныкташты

© AP Photo / Juan KaritaМедициналык кызматкерлер
Медициналык кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар 1 600 бейтаптын симптомдору тууралуу маалыматтарга анализ жүргүзүп, кандай учурда оору оор же жеңил өтүшү мүмкүндүгүн билишкен.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Лондондогу Падыша колледжинин окумуштуулары коронавирустук инфекциянын алты түрүн аныкташканы тууралуу "Известия" кабарлады.

Адистер АКШ менен Улуу Британиядагы 1 600 бейтаптын симптомдору тууралуу маалыматтарга таянып анализ жүргүзүшкөн. Алар оорунун белгилерин изилдөө үчүн атайын түзүлгөн COVID Symptom Study мобилдик тиркемесинин жардамы менен маалымат чогултушкан.

Тиркеменин колдонуучулары абалдарына жараша алты топко бөлүнгөн. Натыйжада симптомдорго карап кандай учурда оору оор же жеңил өтүшү мүмкүндүгү аныкталган.

Коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү. Пульмонологдун кеңеши

COVID-19дун биринчи жана экинчи формаларына сасык тумоонун белгилери мүнөздүү болгон. Айрымдарда дене табы көтөрүлгөн, кээси анысы жок эле оорушкан.

Үчүнчү формада жөтөл болбогону менен бейтаптын ичи өтүп, табити жоголуп, дене табы жогорулаган. Бул жалпысынан оорунун жеңил түрү болуп саналгандыктан, азыраак гана пайызына респиратордук жардам талап кылынган.

Төртүнчү формада негизги симптомдорго чарчоо кошулуп, бейтаптардын 8,6 пайызына кошумча дем алуу жардамы керек болгон. Бешинчи формасында булчуңдар ооруп, унутчаак болуп, 9,9 пайызы респиратордук колдоого муктаж болгон.

Күздөгү сасык тумоо коронавирус менен күрөшүүнү оорлотот. Эмне кылуу керек?

COVID-19дун алтынчы формасында (эң оор) бейтаптардын 50 пайыздан көбүн ооруканага жаткырууга туура келген. Алардын табити жоголуп, ичи өтүп ооруган, ошондой эле дем алуусу оорлошуп, көкүрөк тушу, булчуңдары ооруп, чарчап, адашуу, чаташуу мүнөздүү болгон. Бул топтогу бейтаптардын 19,8 пайызы респиратордук колдоого алынган. Ага көбүнчө улгайган курактагы адамдар, ден соолугу начарлар, өнөкөт оорусу барлар жана толук адамдар кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0