Коронавирус боюнча статистика азыркыга чейин даяр боло элек. Себеби

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүү Медициналык кызматкер компьютер менен иштеп жатат. Архив
 Медициналык кызматкер компьютер менен иштеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык штабда иштегендер коронавирус боюнча статистиканы Саламаттык сактоо министрлигинен күтүп жатканын маалымдашты.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Коронавирус боюнча бир сутка ичиндеги статистика дагы эле даяр эмес. Эмне себептен азыркыга чейин маалымат берилбей жатканын так эч ким билбей турганы ачыкталды.

Буга чейин окурмандар коронавирус боюнча статистика качан берилерин сурап редакцияга кайрылышкан.

Республикалык штаб статистиканы Саламаттык сактоо министрлигинен күтүп жатканын айтты. Бирок министрликтин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова ооруп калгандыктан маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Айгерчинова Ден соолукту бекемдөө республикалык борборуна чалып көрүүнү өтүндү.

Өкмөт: ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек киргизүүнү тездетүү керек

Коронавирус боюнча бир суткадагы статистиканы саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев да айта алган жок.

"Өкмөттө жүрөм, маалымат кызматтан тактагыла", — деп жооп берди Каратаев.

Ден соолукту бекемдөө республикалык борборунун жетекчиси Нурила Алтымышева статистика даярдалып жатканын айтып, бирок канча убакыттан кийин берилерин айта алган жок.

"Азыр Респуликалык штабга берилиши керек болчу. Статистика даяр болуп калса керек. Анын үстүнө бүгүн жекшемби, ар бир санды тактаганга көбүрөөк убакыт кетип калат", — деди Алтымышева.

Кайрадан Республикалык штабга байланышка чыгууга туура келди. Штабдагылар статистиканы күтүп жатышканын, дагы эле келе электигин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0