Москвадан кыргызстандык 21 медик оору менен күрөшүү үчүн кайтып келди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАэропортто медиктер жүргүнчүлөрдү тосуп жатат. Архив
Аэропортто медиктер жүргүнчүлөрдү тосуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва — Бишкек багыты боюнча чартердик каттам менен жалпысынан 425 киши кайтып келген. Медиктерден тышкары зарыл себеби барлар учуп келди.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Россиядан кыргызстандык 21 практик-медиктен турган топ коронавирус инфекциясы менен ооруп жаткан бейтаптарга көмөк көрсөтүү үчүн мекенге кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Алар бүгүн Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна "Аэрофлот – Россия аба жолдору" авиакомпаниясынын Москва — Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен келишкен. Бул рейс менен мекенге жалпысынан 425 киши кайтса, анын 33ү жаш бала экени айтылды.

Кыргызстанга Россиянын 51 дарыгери келип иштеп бериши күтүлүүдө

Кыргызстанга кайтууну каалагандар көп болгондуктан тиешелүү кызматкерлерден турган комиссия тизме түзүп, ага зарыл себептери барларды киргизген.

Чет мамлекетте жүргөн мекендештерди өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0