Бүгүн 1 020 адамдан COVID чыкты. Cоңку маалымат

© AFP / JACK GUEZЛабораториянын ишкери коронавируска тапшыркан кан үлгүсү менен
Лабораториянын ишкери коронавируска тапшыркан кан үлгүсү менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус менен пневмониянын статистикасын бөлбөй чогуу бере баштагандан бери бейтаптардын саны кескин көбөйүп кетти.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында дагы 1 020 адамдан коронавирус чыкканын Республикалык штаб билдирди.

  • Бишкек - 369;
  • Ош – 151;
  • Чүй облусу – 123;
  • Ош облусу - 178;
  • Талас облусу – 37;
  • Нарын облусу – 31;
  • Ысык-Көл облусу – 31;
  • Жалал-Абад облусу – 40;
  • Баткен облусу - 70.

Ушуну менен вирус жуктургандардын жалпы саны 26 532 болду.

Эскерте кетсек, адатта жаңы статистика эртең менен даяр болчу. Бирок Республикалык штаб коронавирус менен пневмонияны кошуп санагандан кийин маалыматтарды тактоо кыйынчылык жаратканын айткан. Мындан улам 16 жана 18-июлдагы статистикалык маалыматтарда айырмачылык болорун эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0