Кучакташпагыла. Сомнолог аптаптуу күндөрү уйку кандыруунун жолу тууралуу

CC0 / Pixabay / stokpicКиши менен аял кучакташып жатат. Иллюстративдик сүрөт
Киши менен аял кучакташып жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уйку тартибинин адисинин айтымында, адамдардын дене табы жана жылуулукту берүүсү ар кандай болгондуктан, айланадагыларга таасирин тийгизет.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жайдын аптаптуу күндөрү тынч уктоо үчүн кучакташуу сунушталбайт. Мунун себебин кененирээк Sputnik радиосуна невролог-сомнолог Елена Царева айтып берген.

Адис белгилегендей, адамдын күчү, энергиясы толугу менен терең уйкуда калыбына келет. Дене табы төмөн болушу үчүн бөлмөнүн ичин салкыныраак кармоо керек.

Окумуштуулар уйкусуздуктун таң калычтуу себебин табышты

"Уйку температурасына карата эки көз караш бар. Биринчиси америкалыктардай, экинчисин орустардыкындай эс алуу десе болот. АКШда канчалык муздак болсо уйку ошончолук жакшы болот деген түшүнүк менен бөлмөдөгү 18 градуста деле өздөрүн нормалдуу сезишет. Россияда болсо уктоочу бөлмө 21-23 градуска чейин болушу керек деген түшүнүк жашайт. Негизи уйку канчалык терең болсо, дене табы ошончолук төмөндөйт. Демек, дененин температурасы жогору болсо, терең уйкуга жетишүү кыйыныраак", — деди Царева.

Адис жатар алдында бөлмөнү желдетип турууну, ошондой эле ысыкта өзүнчө уктоону сунуш кылган.

Уйку канат. Дарыгер кумшекерден баш тартуунун пайдасын айтты

"Адаттагыдай эле күндүз терезени жаап коюп, түнкүсүн ачкыла. Жууркандарды жыйнаштырып коюп шейшеп жамынгыла. Ошондой эле жакын адамдардан өзүнчө же алыс уктагыла. Себеби ар кимдин дене табы ар кандай жана жылуулукту түрдүүчө беришет. Ысыкта бирөө менен кучакташып жатуу өтө кыйын", — деген уйку адиси.

Буга чейин сомнологдор ысыкта кондиционер жок болсо дагарага суу куюп коюуну сунушташкан болчу

Жаңылыктар түрмөгү
0