Коронавирусту өткөн суткада 781 адам жеңди

© Пресс-служба Балтийского флота / Медиабанкка өтүүМедцентр, построенный Минобороны РФ для пациентов с COVID-19 в Калининграде
Медцентр, построенный Минобороны РФ для пациентов с COVID-19 в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-июлдан тарта коронавирус менен пневмония чогуу эсептеле баштаган. U07.1 коду коронавирус деп эсептелсе, U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган ооруканадан тышкаркы пневмония болуп саналат.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирусту 781 адам жеңди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Россия COVID-19га каршы вакцинаны сыноо ишин аяктады

Бир сутка ичинде коронавирустан айыккандардын көбү Бишкек шаары менен Ош облусунда.

  • Бишкек — 273;
  • Чүй облусу — 71;
  • Ош облусу — 251;
  • Талас облусу — 30;
  • Нарын облусу — 25;
  • Ысык-Көл облусу — 29;
  • Жалал-Абад облусу — 40;
  • Баткен облусу —15;
  • Ош шаары — 47.

Ушуну менен өлкө ичинде коронавирустан жалпы 13 109 адам айыкты.

Өлкөдө 611 адам коронавирус жуктуруп алды

Эске салсак, 17-июлдан тарта коронавирус менен пневмония чогуу эсептеле баштаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ооруларды классификациялоодо эки кодду киргизген. Тагыраагы, U07.1 коду — лаборатория тарабынан тастыкталган оору, башкача айтканда, коронавирус болмокчу. Ал эми U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган ооруканадан тышкаркы пневмония деп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0