Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды

© Фото / пресс-служба правительства КРМинистр здравоохранения КР Сабиржан Абдикаримов
Министр здравоохранения КР Сабиржан Абдикаримов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдон пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаевден COVID аныкталган. Көп өтпөй коомчулукта жетекчилер дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткендиги тууралуу айтылып, кийин министрлик маалыматты төгүндөгөн.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы жакшы жана алар жакынкы күндөрү ооруканадан чыгышат. Бул тууралуу брифинг учурунда министрдин дагы бир орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Сабиржан Токтосунович менен Нурболот Төлөшович учурда Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада дарылануусун улантууда. Сакаюу динамикасы жана абалдары жакшы. Жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылат", — деди Каратаев.

Коронавирусту өткөн суткада 781 адам жеңди

Эске сала кетсек, cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдон пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаевден COVID аныкталган. Көп өтпөй коомчулукта жетекчилер дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткендиги тууралуу кеп айтылып, кийин министрлик бул маалыматты төгүндөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0