Бишкектеги стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда

Жазылуу
Бир апта мурда күнүнө 5 миңден киши кабыл алып жаткан бул жайларга учурда сутка ичинде 3,5 миңдей шаар тургуну кайрылууда.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкектеги стационарларга кайрылгандардын саны күн сайын азайып жатат. Бул тууралуу мэрия бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

"Акыркы суткада стационарларга 3 миң 489 киши кайрылып, тамчылатма укол, тийиштүү кеңеш алышты. Кайрылгандардын ичинен дагы 16 киши ооруканага жаткырылган. Түнкү үч стационар 665 кишини кабыл алды. Болгону бир бейтап гана ооруканага жаткырылды. Адам өлүмү катталган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Өлкө ооруканаларында коронавирустан 12 миңден ашык киши дарыланууда

Түнкү стационарлар беш түндө 3 074 шаар тургунуна медициналык жардам көрсөткөн.

19-июлга карата жалпысынан күндүзгү дарыланууга 57 миң 725 киши тартылган. Алардан 38 миң 333 сыркоо тамчылатма укол алса, 14 миң 103 жаранга тийиштүү кеңеш берилген. 279 бейтап ооруканага жаткырылган.

Министрлик: Кыргызстанда COVID жана пневмониядан өлгөндөрдүн саны азаюуда

Ишкерлердин көмөгү менен стационарлар кычкылтек концентратору, пульсоксиметр жана мобилдик дарыканалар менен камсыздалган.

Мэрия күндүзгү жана түнкү стационарлар күчөтүлгөн тартипте ишин улантып жатканын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0