КРде дезинфекциядан кийин пневмонияга кабылгандардын саны өстүбү? ӨКМдин жообу

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүДезинфекция Ленинградского вокзала в Москве
Дезинфекция Ленинградского вокзала в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактардын колдонуучулары көчө менен имараттарды хлор кошулган зат менен дезинфекция жүргүзгөндүн кесепетинен дагы оору жайылгандыгы тууралуу пикирлерин жазышкан.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дезинфекциядан кийин өлкөдө коронавирус козгогон пневмония күч алган деген пикирлерге жооп берди.

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары көчө менен имараттарды хлор кошулган зат менен дезинфекция жүргүзгөндүн кесепетинен дагы оору жайылгандыгы тууралуу пикирлерин жазышкан.

Аптека орнотуп, таштандыдан арылтып… ӨКМдин "Гансиде" аткарган иши видеодо

"Дезинфекция иштери 2011-жылы өкмөт тарабынан бекитилген көрсөтмөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин, эпидемиологдордун дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу жана даярдоо боюнча сунуштары сөзсүз эске алынат. Дезинфектанттар колдонулардан мурда курамындагы активдүү зат (хлор) аныкталат же аралашма даярдап берген жактын сертификаты каралат", — деп айтылат маалыматта.

Пандемиядан бери вирустан залалсыздандыруу иштерин ӨКМ кызматкерлери жүргүзүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0