Сабактагы окуучулар. Архив

Сентябрда мектептер иштей баштайт деген маалымат тарады. Министрлик эмне дейт

(жаңыланган 14:11 20.07.2020)
Коронавирус эпидемиясынан улам Кыргызстандагы бардык мектеп окуучулары, студенттер өткөн окуу жылын дистанттык түрдө аяктады.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта мектепке кадимкидей бара баштай турганын сурап редакцияга кайрылган окурмандар болууда.

"Билим берүү тармагында эмгектенген таанышымдын айтканына караганда, Билим берүү жана илим министрлиги балдар 1-сентябрдан баштап мектепке барып окуй турганы тууралуу буйрук чыгарыптыр", — деп жазды колдонуучулардын бири.

Өлкөдө окуу жайларга онлайн кабыл алуу башталды. Артыкчылыктары

Мындан улам Sputnik Кыргызстан редакциясы министрликтин маалымат кызматына кайрылды. Ал жактан айтылып жаткан сөздөр чындыкка туура келбесин, жаңы окуу жылы боюнча жакынкы сааттарда так маалымат берилерин билдиришти.

Эске салсак, коронавирус эпидемиясынан улам Кыргызстандагы бардык мектеп окуучулары, студенттер аралыктан билим алышкан. Окуу жылы ошентип дистанттык түрдө аяктаган болчу.

Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруу да, окуу да өз маалында башталат. Жол-жобосу

Белгилер:
окуучулар, мектеп, билим берүү, Кыргызстан
Тема боюнча
Жусупбекова: аралыктан окутуунун эффективдүүлүгү талданат
Укол даярдап жаткан дарыгер. Архив

Вице-премьер Кыргызстан өзүн кантип вакцина менен камсыздай турганын айтты

(жаңыланган 19:19 19.04.2021)
Вице-премьерге Кыргызстанда вакцина өндүрүүгө же "Ысык-Көл тамыры" кайнатмасын даярдоого каражат бөлүнөр-бөлүнбөсү тууралуу дагы суроо узатылды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстан вакцинаны гуманитардык жардам линиясы аркылуу алууну жана өндүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу вице-премьер, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Вице-премьерге элди вакцина менен толук камсыздоо үчүн мамлекеттин акчасы жетеби деген суроо узатылган.

"Толук камсыздоого каражат, албетте, жетпейт. Көпчүлүк бөлүгүн гумжардам түрүндө алабыз. Буга чейин Sinopharm препаратынын 150 миң дозасы келген. Бирок эки миллион адамды эмдеш керек. Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлиги Россия жана Казакстан менен иш алып барууда. Себеби Караганда фармацевтикалык заводунда "Спутник V" вакцинасы менен кошо казак өндүрүшүндөгү препарат чыгарылууда. Биз коронавирус менен күрөшүүгө эки миллиард сом бөлгөнүбүз менен ал жетишсиз", — деди финансы министри.

Ага ошондой эле Кыргызстанда вакцина өндүрүүгө же "Ысык-Көл тамыры" кайнатмасын даярдоого каражат бөлүнөр-бөлүнбөсү тууралуу дагы суроо узатылды.

"Бул маселе кечээ жакында президент менен жолугушууда каралган. Биз вакцина чыгарууга шарт түзүп беришибиз керек. Адистер буга мүмкүнчүлүктүн бар-жогун анализдеп жатышат. Бул маселени президент койгон", — деди ал.

Вице-премьер мамлекет башчы менен жолуккан кезде дары чөп кайнатмасын өндүрүү жөнүндө сөз болбогонун кошумчалады.

Белгилер:
Улукбек Кармышаков, президент, вакцина, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Кыргызстанда канча адам коронавируска каршы вакцина алганы айтылды
Кыргызстанга жакында 30 миң доза "Спутник V" вакцинасы алып келинет
Дарыгер. Архив

COVID: дарылануунун жаңы протоколу чыкты, уу коргошун да жазылганбы?

(жаңыланган 19:12 19.04.2021)
Коронавирустан дарылануунун жаңы протоколу 245 беттен турат. Буйрукка 16-апрелде кол коюлганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча бешинчи протоколду бекитти.

Буйрукка 16-апрелде кол коюлган. 38 пункттан турган документте коронавирустун эпидемиясын, этиологиясын жана патофизиологиясын аныктоо, диагноз коюу, бейтаптардын айрым топторун дарылоо боюнча сунуштарды карап чыгуу жана башкалар камтылган. Ошондой эле коронавирустун мутацияланып кетиши мүмкүндүгү да жазылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мындан сырткары, протоколдо бейтаптарга далилденбеген дары-дармектерди, ошондой эле ооруну жеңил жана орточо көтөргөндөргө антибиотиктерди бербеш керектиги сунушталган. Анда антикоагулянттарды колдонуунун да жол-жобосу жазылганы айтылды.

Документте аконитти (Ысык-Көл тамыры, уу коргошун) колдонуу тууралуу жазылган эмес. Протоколдун электрондук версиясы менен министрликтин сайтынан таанышууга болот.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоону сунуштады. Бул дары чөптү президент Садыр Жапаров өзү кайнатып жасап жатканы белгилүү болгон. Президент менен министрдин дарылоо ыкмасы коомчулукту таң калтырып, түрдүү пикирлерди жаратууда.

Белгилер:
протокол, дарылоо, уу коргошун, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Эки окуучудан COVID-19 табылды. Ошто №20 мектеп карантинге жабылды
Кыргызстандын аэропортторуна чектөөлөр киргизилүүдө