ЖРТны өткөргөндөр: 19 жылда сертификат саткан бир да учур болгон эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековЖРТ тапшырып жаткан бүтүрүүчүлөр. Архив
ЖРТ тапшырып жаткан бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл ЖРТга 43 245 бүтүрүүчү катышып, элүүдөн ашык бала алтын сертификатка ээ болгон. Тесттин жыйынтыгына жараша абитуриент окуу жайга өтө алат.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгына нааразы болгон айрым абитуриенттерге тестти алган Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жооп кайтарды.

Маалыматка ылайык, болочок студенттер менен ата-энелердин арасында упай менен сертификаттар сатылганы жөнүндө нааразычылыктар айтылган. Бирок борбор ал маалыматтарды четке кагып, тестирлөө киргизилген 2001-жылдан бери бир дагы мындай коррупциялык иш болбогонун билдирди.

ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: "Алтын тамгага" жетпей калып катуу намыстангам

"Эл арасында упайлар сатылат экен деген ар кандай ушак-айың кептер көп, бирок бир дагы тастыкталган факты болгон эмес. Борборго ушундай маалыматтар түшкөн учурда күмөн санаган абитуриенттердин аты-жөнүн, каттоо номерин берүүнү сурап, өз ара изилдөө өткөрөбүз. Биринчи кезекте бир аброюбуздун сакталышына кызыкдарбыз", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору апелляция, босого упайды төмөндөтүү жана айрым предметтердин тапшырмасы оор түзүлгөн деген суроолорго дагы жооп кайтарган. Аны менен борбордун сайтынан кенен таанышууга болот.

Министрлик жаңы окуу жылында мектептер кандай иштей турганын айтты

Быйыл ЖРТга 43 245 бүтүрүүчү катышып, анын ичинен 53 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болду. Ал эми эң жогорку 229 упайды Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Акмарал Нурбек кызы алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0