Көлдөгү лицейдин окуучулары Менделеев олимпиадасынан күмүш, коло медаль алышты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПартадагы кагаз жана калем сап. Архив
Партадагы кагаз жана калем сап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы он жылдын ичинде Кыргызстан биринчи жолу күмүш байгеге ээ болуп отурат. Аталган олимпиада пандемиядан улам онлайн форматта өткөн.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Хусейин Карасаев атындагы "Ысык-Көл" лицейинин (Hussain Karasaev High School) окуучулары химия предмети боюнча окуучулар арасындагы эл аралык Менделеев олимпиадасында эки медаль жеңип алышты. Бул тууралуу маалымат аталган лицейдин Facebook баракчасына жарыяланды.

10-класстын окуучусу Нурсултан Соодонбеков экинчи орунду камсыздап, күмүш медаль тагынды.

"Бул чоң жетишкендик. Нурсултандын эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын жеңиши. Бул аталган олимпиададан уткан акыркы 10 жылдагы биринчи күмүш байге болгону менен маанилүү", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик жаңы окуу жылында мектептер кандай иштей турганын айтты

Лицейдин дагы бир окуучусу Камил Кубанычбеков бул олимпиадада коло байгеге татыган.

Белгилей кетсек, аталган олимпиада Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарына белгиленген. Коронавирус пандемиясынан улам быйыл онлайн форматында өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0