Медицина кызматкерлери. Архив

COVID жуктурган 40 медикке 200 миң сом эми бериле баштайт

150
(жаңыланган 11:20 21.07.2020)
Республикалык штабдын статистикасына ылайык, өлкөдө жалпысынан 2 428 ак халатчан коронавирус жуктуруп алса, анын ичинен 624ү стационарлардан айыгып чыккан.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин арасынан 200 миң сомдук компенсация 40 медикке төлөнүп берилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, бүгүн министрликте компенсация маселеси боюнча комиссиянын жыйыны болот.

"Коронавирустан жабыркаган медиктердин ичинен бардык облустардан 40 медиктин тизмеси берилген. Бирок илдетти тастыкташ үчүн ар бир медицина кызматкеринен эпидемиологиялык тастыктоочу документ, акт жана башка бир нече документ талап кылынат. Эпидемиологиялык корутундуну облустар ар бир медикке өз-өзүнчө даярдап бериш керек болчу. Алар буга чейин оору жуктурган ак халатчандардын тизмесин таблица түрүндө гана берип койгон. Мындан улам кайра тапшырма берилген. Бүгүн комиссияда ушул 40 медикке компенсация төлөө маселеси каралат. Акча андан кийин төлөнүп баштайт", — деди Акматова.

Президент медиктердин компенсациясы боюнча мыйзамга кол койду

Республикалык штабдын статистикасына ылайык, өлкөдө жалпысынан 2 428 ак халатчан коронавирус жуктуруп алса, анын ичинен 624ү стационарлардан айыгып чыккан. Коронавирустан каза болгон медиктердин саны азырынча белгисиз.

Буга чейин өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында, медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарууда коронавирус жугузуп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана башка кызматкерлерге 200 000 сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү боюнча өкмөттүн буйругу чыккан.

150
Белгилер:
документ, иликтөө, каражат, компенсация, медик, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1455)
Тема боюнча
Көз жумган ыктыярчы Адинайдын жакындарына 1 млн сом төлөнөбү? Комиссиянын жообу
Манастын эстелиги. Архивдик сүрөт

Таластагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат

19
(жаңыланган 12:31 02.12.2020)
Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 4-декабрдагы "Манас күнүнө" карата Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Иш-чара Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү 11:00дө токтотулат.

Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен уюштурулат.

Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт.

19
Белгилер:
"Манас Ордо" комплекси, Манас айтуу, Талас
Тема боюнча
Адистер манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдөө үчүн канынан анализ алды
Күүлөнгөн манасчы, күткөн эл. Гиннес китебине кирүүгө ташталган кадамдын сүрөттөрү
Оңдоо иштери жол белгиси. Архив

Финпол: Ошто 43 млн. сом бөлүнгөн жолдун курулушу бүтпөй калган

83
(жаңыланган 12:09 02.12.2020)
Бүгүнкү күндө жол пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ошто 42,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолду аягына чейин курбай коюшкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришити.

Финансы полициясы бюджеттик каражатты уурдоо фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Маалым болгондой, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы жеке ишкана менен келишим түзгөн. Ага Кең-Сай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча 42,9 миллион сомдон ашык акча которгону аныкталды. Бирок бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, жеке ишкананын жетекчиси П.Т. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган ишкананын кызыкчылыктарын коргоого тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаты кайтартуу боюнча иштер жүрүүдө.

83
Белгилер:
коррупция, курулуш, жол, финансы полициясы, Ош
Тема боюнча
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү
Ат-Башыга логистикалык борбор проекти. Архив

Ат-Башыга логистикалык борбордун курулушу күтүлүүдө. Маселе кайра каралды

0
(жаңыланган 12:51 02.12.2020)
Чечим 2019-жылдын аягында чыгып, инвесторлор табылып, алар жердин ижара акысынын бир бөлүгүн төлөп коюшкан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам борбор салынбай калган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун аймагына бажы-логистикалык комплексин куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 25-ноябрь күнү Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борборунун кызматкерлери бажы кызматынын өкүлдөрү менен Нарын облусуна иш сапары менен барып, облус башчысы, Ат-Башы районунун акими жана бир катар тийиштүү мекемелердин кызматкерлери менен жолугушкан.

"Анда Ат-Башы районуна бажы-логистикалык комплексин куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери чечилди. Жолугушууда логистикалык борборду курууга ылайыктуу жерлер каралды", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик бул долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик өнөктөш катары Мамлекеттик бажы кызматы көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

"2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын мартына чейин аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Анда инвестор менен келишим 25 жылга чейин түзүлөт деп жазылган. Ал эми инвестициянын көлөмү 30 миллион доллар. Учурда Бажы кызматы менен Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борбору тендердин документтерин даярдады. Инвесторлорду тандоо үчүн сынак жарыяланып, тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат", — деп айтылат билдирмеде.

Министрлик жакында долбоорду каржылай турчу компанияларга тендер жарыялана турганын кошумчалады.

Эске салсак, Ат-Башыга логистикалык борбор куруу чечими 2019-жылдын аягында чыккан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай турганы маалым болгон. Логистикалык борборду Нарынга кытай, кыргыз ишкерлери аралашкан "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы курмак. Инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага жер алып, акчанын бир бөлүгүн берип коюшкан. Ал каражат инвесторлорго кайра кайтарылган-кайтарылбаганы боюнча өкмөт буга чейин үн ката элек болчу.

0
Белгилер:
тендер, инвестор, логистикалык борбор, Ат-Башы, Нарын
Тема боюнча
Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда
Ат-Башыга курулчу логистикалык борбор: инвестордун 45 миллион сому кайда?