Бишкекке Россиянын бир катар шаарынан мекендештер учуп келди

Кыргызстанга Россиянын бир нече шаарынан 188 адам кайтып келди

83
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округундагы жарандардын жана кыргыз диаспораларынын кайрылуулары менен түзүлгөн. Ошондой эле мурда билет алып уча албай калгандар эске алынган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкекке Россиянын бир катар шаарынан мекендештер учуп келгенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 188 кыргызстандык "Авиатраффик" компаниясынын чартердик каттамы менен кайтып келген. Арасында жаш балдар бар.

"Бул рейс менен Бишкекке Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Новый Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск жана Пермдеги жарандар келди. Арасында оорулулар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар жана жаш балалуу энелер, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга туш болгондор бар", — деп айтылат маалыматта.

Түркиядагы мекендештер 20 миң долларга дары-дармек жөнөттү

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округундагы жарандардын жана кыргыз диаспораларынын кайрылуулары менен түзүлгөн. Мындан тышкары, мурда билет алып уча албай калгандар эске алынган.

Чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу иши улантылып жатканы кошумчаланды.

83
Белгилер:
жаран, каттам, Россия, Бишкек
Тема боюнча
Ошко бүгүн Россиядан эки учак кыргызстандыктарды алып келди. Сүрөт
Москвадан кыргызстандык 21 медик оору менен күрөшүү үчүн кайтып келди
Бишкектеги темир жол станциясы. Архивдик сүрөт

"Кыргыз темир жолу" ишканасы сатылганы жатабы? Өкмөт жооп берди

7
(жаңыланган 13:06 26.09.2020)
Өкмөттүн аппаратынын билдиришинче, айрым ЖМКлар улуттук компания Россия тарапка сатылышы ыктымал деген маалыматты таратышкан.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" ишканасы сатылышы мүмкүн деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары аталган улуттук компания Россия тарапка сатылышы ыктымал деген маалыматтарды жазып чыгышкан.

Бирок өкмөттүн аппараты маалыматты төгүндөп, ал кеп ойдон чыгарылганын жана эч кандай негизи жоктугун белгиледи.

Акунов: суу сатылып жатат деген маалымат жалган

"Биринчиден, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын акционерлештирүү маселеси каралган эмес жана каралбайт. Экинчиден, ишкананын бир нече жылдык планы бар, анда ички жана эл аралык жаңы темир жолдорун куруу каралган. Бул өлкөбүздүн экономикалык абалына жана өнүгүүсүнө олуттуу таасирин берет. Ошондой эле акыркы мезгилде улуттук компанияда жүз миллиондогон сомдук каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схемалар ачылып, аталган ишкананын мурдагы жетекчилери кармалганын белгилей кетели", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт ишкана сатылат деген фейк маалыматтарды таркатуу айрым саясий күчтөргө пайдалуу болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жогорудагыдай маалыматты жарыялагандарды сотко берүү үчүн документтерди даярдап жатканы айтылды.

7
Белгилер:
маалымат, фейк, сатуу, өкмөт, ишкана, Кыргыз темир жолу
Тема боюнча
Өкмөт "Жеткиликтүү турак жай" долбоорунун жаңыланган версиясын сунуштады
Блокнотко жазган киши. Архивдик сүрөт

Малайлык, музооканада жашаган күндөр. "Ажардын" автору Баялинов жөнүндө 9 факты

24
(жаңыланган 12:40 26.09.2020)
Бул күндөрү кыргыз прозасынын жана кесипкөй котормочулуктун башында турган жазуучу Касымалы Баялинов жарыкка келген. Ал эми быйыл залкар калемгердин 118 жылдыгы белгиленүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги оор тагдырга туш болуп кыйын кезеңдерди башынан өткөргөн улуу инсанды эскерип, анын өмүрү менен чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Орус улутундагы айылдашынан тил үйрөнгөн бала. Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Көк-Мойнок айылында бардар үй-бүлөдө туулган. Бирок ата-энесинен эрте ажырап, туугандарынын колунда өскөн. Мектептин жоктугунан улам кичинекей Касымалы айылдагы орус улутундагы адамдан сабак алып, күн сайын он сөздөн үйрөнүп, орус тилин өздөштүрүүгө аракет кылган.

Ачылбай калган каттар, жазылбай калган саптар. Кусейин Эсенкожоев тууралуу кызыктуу алты факты

Кытайдагы оор күндөр. 14 жашында эл менен кошо Кытайга качып, окуусун андан ары уланта албай калган. Бөтөн эл, бөтөн жердеги кыйын учурларды жазуучу кийин минтип эскерген: "Малыбыз ашууда кырылып, андан калган бирин-экиси Турпанга келгенде "делбе" чөптү жеп ууланып өлүп, кур алакан калдык. Колубузда бирин-серин гана жандыгыбыз бар. Ошолордон берип уйгурлардын уйкана, музооканаларына баш калкаладык. Жээнбай абам, Сейилкан апам бизге коңшу. Алар уйканада, биз музооканада турабыз. Канчалык жууп, шыпырып, тазалап,  эшигин улам ачып желдетсек да жипкирткен сасык жыт такыр кетпейт. Айла канча! Эшигине кийиз калап, жерине чөп төшөп, ошондо жашап турабыз", — деп жазган өз эскерүүсүндө.

Билимге умтулган өспүрүм. Октябрь революциясынан кийин ал жактан кайтып келгенде малайлык кылып, 1918-жылы Токмокко жөө келет. Курсагын тойгузуу үчүн аскердик бөлүмдө ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек ташуучу да болуп жанын баккан. 17 жашында комсомолго кабыл алынып, ошол эле жылы Ташкенттеги алты айлык советтик-партиялык курсун аяктаган. Андан соң жарым жылдык педагогикалык курсту окуган. 1925-жылы Алматыдагы казак педагогикалык техникумун, 1933-жылы Москвада Бүткүл союздук журналистика институтун бүтүргөн.

Уктап жатканда атып кетишкен. Султан Ибраимов тууралуу 10 факты

23 жаштагы редактор. Билим алып жүргөн учурунда бир топ жерде иштегенге да үлгүрөт. 18ге чыкканда Нарында Комсомол комитетинде эмгектенип, 23 жашында Москвадагы Борбордук басмакананын кыргыз бөлүмүнө редакторлук кызматка жиберилет. 1920-30-жылдары төрт жылдай Кыргызмамбастын башкы редактору кызматын аркалаган. Кийин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук гезитинде, "Советтик Кыргызстан" басылмасында, согуш жылдары "Ысык-Көл правдасы" облустук гезитинде редактор болуп эмгектенген.

Кыргыз прозасынын башатында турган. Болочоктогу белгилүү акын жана жазуучу алгачкы ырларын 1920-жылдардын башында жарата баштап, чыгармалары казак, татар тилдеринде окурмандарга сунушталат. 24 жашында улуттун трагедиясы болгон 1916-жылдагы Үркүндүн оор күндөрүн баяндаган "Ажар" аңгемеси жарыкка чыгып, ал чыгармасы менен кыргыз прозасынын баштоочусу катары таанылган. Баялинов андан соң "Бакыт", "Кыйын өткөөл", "Курман жылга" повесттерин, "Боордоштор", "Көл боюнда" романдарын, "Түлкү менен суу", "Чабалекей менен жылан", "Шаифтин аңгемеси", "Мурат" аттуу аңгемелерин жараткан. Эмгектери орус, азербайжан, өзбек, казак, татар, француз, англис, немис, чех тилдерине которулган, анын айрым чыгармалары азыркыга чейин окурмандардын колунан түшпөй келет.

Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты

Фронтко аттанып, бирок барбай калган. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Касымалы Баялинов да башкалар сыяктуу эле аскерге чакыртылып, жоокерлер поездге отургузулган. Бирок бийлик мугалим, кабарчыларды өз жеринде калтыруу чечимин кабыл алып, фронтко кетпей калган. Анын үстүнө көп жыл кургак учук менен алышып жүргөн. Ошол мезгилдери Баялиновдун фин согушуна катышкандыгы үчүн капитан чини болгон.

Кесипкөй котормочу. Калемгер жазуучулуктан сырткары котормочулук менен да алектенген. Ал кесипкөй котормочулардын алгачкыларынан болуп, Максим Горькийдин "Макар Чудра" аттуу аңгемесин, Александр Пушкиндин "Кавказ туткуну", "Руслан менен Людмила" аттуу поэмалары, "Евгений Онегин" романын жана башка бир топ орус жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Акаевге кеңешчи, Өзбекстанга элчи болгон. Салижан Жигитов тууралуу 9 факты

Өз арабасын өзү тартып... Жаштайынын жетимчиликтин, жокчулуктун азабын тарткан Касымалы өзүнүн күчү менен эле СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Кыргызстан Жазуучулар союзунун жетектеп, СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалынын Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. Түрдүү бут тосууларга карабай Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуп да шайланган.

Министрдин атасы. Кыргыз эл жазуучусу өзүнүн келинчеги менен Башкыртстанда таанышкан. Түгөйлөр баш кошуп эки уул, эки кызды тарбиялап чоңойтушкан. Улуусу Марклен көп жыл маданият тармагында иштеп, Кыргыз ССРинин маданият министри болгонго чейин жетишкен. Кыздарынын бири ЖОЖдо тилчи мугалим болуп иштесе, экинчиси музыкант. Кичүү уулу узак убакыт Автордук укук боюнча бүткүл союздук агенттикте иштеген. Учурда алардын бардыгы пенсияда. Кыргыз эл жазуучусу 1979-жылы 3-октябрда 77 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

24
Белгилер:
факты, Касымалы Баялинов, жазуучу, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Тема боюнча
Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты
Опера жана балет театрын гүлдөткөн! Марклен Баялиновдун жасаган иштери