Сабак окуп жаткан окуучу. Архив

Министрлик жаңы окуу жылы боюнча ата-энелерден сунуш, пикир күтөт

(жаңыланган 12:34 21.07.2020)
Эске салсак, быйылкы жаңы окуу жылынын биринчи чейрегинде окуучулар аралыктан билим алмай болушту. Ал үчүн видеосабактар тартыла баштаганы айтылды.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Жаңы окуу жылы боюнча учурда эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат. Эгер бул жаатта кандайдыр бир сунуш, пикир болсо, министрликке кайрылууга болот. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Эске салсак, быйылкы жаңы окуу жылынын биринчи чейрегинде окуучулар аралыктан билим алмай болушту.

"2020-2021- окуу жылында мугалим, окуучу, ата-энелерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн учурда министрликте практик-педагог, эксперт, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган консультативдик кеңеш иштеп жатат. Алар чет мамлекеттердин, коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карап, анализ жүргүзүүдө. Эгерде элде, ата-энелерде бул жаатта кандайдыр бир сунуш, пикирлер болсо аларды угуп, кызматташууга даярбыз. Сабактар үзгүлтүккө учурабай, балдар терең билим алып, ошол эле учурда алардын ден соолугуна зыян келтирип албаш үчүн азыр биз бири-бирибиздин пикирибизди угуп, биргелешип иштешибиз керек", — деди Жусупбекова.

Көлдөгү лицейдин окуучулары Менделеев олимпиадасынан күмүш, коло медаль алышты

Ал балдарды онлайн окутуу үчүн азыркы учурда видеосабактар тартылып баштаганын кошумчалады.

Белгилер:
сунуш, ата-эне, окуучулар, билим, окуу жылы, Надира Жусупбекова
Тема боюнча
ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: "Алтын тамгага" жетпей калып катуу намыстангам
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов

Саткынов: нодулярдык дерматит чымын-чиркей аркылуу жугат

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов быйыл малды эмдөөгө 127 миллион мерчемделип, бирок 86 миллион сом бөлүнгөнүн маалымдады.

Соңку эки жылда өлкөдө шишик дерматити (нодулярдык дерматит) деген ылаң катталып, быйыл ага каршы вакцина сайыла баштады. Бул тууралуу Дайыркул Саткынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Саткынов: нодулярдык дерматит чымын-чиркей аркылуу жугат

Анын айтымында, бул эмдөө мал ээлеринин эсебинен жүргүзүлүүдө.

"Быйылкы жазда шишик дерматитине каршы эмдөө жасалууда. Бул ылаң мурда өлкөдө жок болчу. Соңку эки жылда кездеше баштады. Ал чымын-чиркей аркылуу тарайт. Бул оору Казакстандын ысык аймактарынан келди. Ошондуктан буга каршы эмдөө эки жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бирок бул эмдөө мал ээсинин эсебинен жасалууда. Себеби кара сан, шишик дерматити, котур, сайгак, окура ылаңдарына каршы эмдөө мамлекет тарабынан каржыланбайт. Негизинен өкмөттүн 2006-жылдагы токтомуна ылайык, 22 ооруга каршы эмдөө мамлекет тарабынан каржылана турганы айтылган. Учурда шарп, бруцеллез, кыргын, күл ылаң сыяктуу жалпы тогуз гана илдетке каршы вакцина республикалык бюджеттен каржыланууда. Бюджеттин кудурети ошого гана жетүүдө", — деди Саткынов.

Ошондой эле ал бекер берилген вакциналарды сайган ветеринардын кызмат акысын мал ээлери төлөй турганын кошумчалады.

Белгилер:
ветеринар, мал, эмдөө
Тема боюнча
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат
Коронавируска каршы вакцина табуу. Архивдик сүрөт

Россияда коронавируска каршы дагы бир вакцина иштелип жатат

(жаңыланган 21:26 10.04.2021)
Россияда 2020-жылдын август айында дүйнөдө биринчилерден болуп "Спутник V" вакцинасы каттоодон өткөн. Кийин "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" чыккан.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын А. А. Смородинцев атындагы грипптин илимий-изилдөө институтунун кызматкерлери (Саламаттык сактоо министрлиги негиздеген) коронавируска каршы дагы бир вакцина чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Ведомствонун жетекчиси Михаил Мурашконун айтымында, жакында окумуштуулар иштин алдын ала жыйынтыктары менен бөлүшөт.

Ал эми институттун жетекчиси Дмитрий Лиознов клиникалык тажрыйбалар күзүндө башталып, келерки жылдын кыш-жаз айларында колдонууга чыгарылышы мүмкүн экенин белгилеген.

Россияда 2020-жылдын август айында дүйнөдө биринчилерден болуп "Спутник V" вакцинасы каттоодон өткөн. Кийин "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" чыккан.

Белгилер:
окумуштуулар, коронавирус, вакцина, Россия
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө

Атаандаштарын ары-бери тоголотуп. Айперинин беттештеги видеосу

(жаңыланган 23:05 10.04.2021)
76 килограмм салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандашын толук артыкчылык менен утту.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде бардык атаандашын 10 упай айырмасында утуп, чемпион болду. Айлампа системасы менен өткөн жарыштын төртүнчү бөлүгүндө монгол балбаны Бурмаа Очибатты утууга болгону бир жарым мүнөт керектелди.

Айпери кыздар күрөшүнүн эң оор, 76 килограмм салмакта күч сынашты. Үчүнчү турда индиялык балбан кыз Пуджа Пуджа менен кез келип, аны 10:0 эсебинде утту.

Экинчи айлампада болсо өзбекстандык Шахрибону Эллиеваны 10:0 менен жеңип алды. Бул үчүн кыргыз кызына 50 гана секунда жетиштүү болду.

Ал эми эң биринчи беттешинде Медет кызы кореялык спортчу Соён Чон менен кармашып, адегенде бир упай алдырган. Кийин эки жарым мүнөттө эсепти 12:1ге айландырып салды. 

Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өттү.

68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.

Белгилер:
Айпери Медет кызы, күрөш, мелдеш, Олимпиадалык оюндар, лицензия
Тема боюнча
Мушкер Канат Келдибеков ACA уюмунда беттешке чыгат
Айпери Медет кызы Кыргызстандын капчыгына коло медаль алып келди