Оорукана менен стационардан чыккан медкалдыктар кантип жок кылынууда?

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAСитуация в Индии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Индии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканалардан жана стационарлардан чыккан медициналык калдыктардан эч нерсе өндүрүлбөйт. Кооптуу медициналык зыяндуу заттар таштандыга төгүлбөйт.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы ооруканалардан жана стационарлардан чыккан медициналык зыяндуу калдыктар алгач автоклав аппараты аркылуу зыянсыздандырылат. Бул туураалуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу илимий өндүрүштүн кызматкери Надира Сооронбаева билдирди.

Анын айтымында, мындй аппараттар республиканын ар бир ооруканасында орнотулган.

"Автоклавдын жардамы менен микробдор жок кылынат. Бул аппаратта суу 132-134 градуска чейин кайнатылат. Ооруканадан чыккан медициналык зыяндуу калдыктарды 132 градуска салганда эң коркунучтуу микробдор да өлөт. Зыянсыздандырылган соң медициналык калдыктар таштандыга ыргытылат", — деди ал.

Кыргызстанда бүгүн дагы 1 108 адамдан коронавирус чыкты

Ал эми коронавирус пандемиясынан улам оору жуктургандардын саны өскөндүгүнө байланыштуу өлкө ичинде бир нече стационар ачылган. "Экокомплекс" ЖЧКсы Бишкектеги "Ганси" авиабазасындагы ооруканалардан жана стационарлардан чыккан химиялык зыяндуу таштандыларды күнүнө ташып кетип жок кылып турат.

Буга чейин интернет колдонуучулары да стационарлардан, анын ичинде "Ганси" авиабазасынан чыккан медициналык таштандылар кайда ыргытыларына кызыгышкан.

Бул суроо менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганыбызда, Бишкектен чыккан медициналык таштандыны жеке менчик компаниялардын бири чогултуп, ташып кетип жок кыларын айткан.

"Экокомплекс" жеке менчик компаниясынын директору Нурлан Жумалиев ишкана мамлекет тарабынан медициналык зыяндуу калдыктарды жок кылуу ишине уруксат кагазын алгандыгын белгиледи.

Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан 1 667 киши айыкты

Аталган завод Бишкекте үч жылдан бери иштеп келет.

"Ташылып келинген калдыктардан эч нерсе өндүрүлбөйт. Алар дароо химиялык жол менен же жогорку температурада жок кылынат. Андан эч нерсе калбайт. Химиялык зыяндуу таштандыларды жок кылууга лицензиябыз бар. Анткени биздин ЖЧК так ушул зыяндуу заттарды жок кылууга багытталып түзүлгөн. Мекемелер менен атайын келишимдин негизинде гана иш алып барабыз. Учурда Бишкектеги стационарлардан чыккан химиялык зыяндуу калдыктарды ташып кетип, жок кылуудабыз. Булар таштанды төгүлүүчү жайга төгүлбөйт", — деди ал.

Жумалиевдин айтымында, пандемия маалында медициналык таштандынын көлөмү сезилерлик көбөйгөнү байкалган.

"Бишкекте эпидемиологиялык абал учурунда биздин компания бир айда болжол менен жыйырма тоннадан ашык таштанды ташып келген. Мурда бул көрсөткүч бир кыйла азыраак эле. Биз күнүнө ар бир стационар, обсервациядан бир же эки жолу таштанды ташып кетип жатабыз ", — деди директор.

Аталган заводдо 600дөн ашык аталыштагы зыяндуу заттар жок кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0