Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда

Кыргызстан COVID-19дун кийинки толкунуна кантип кам көрүүдө? Бороновдун жообу

238
(жаңыланган 17:31 21.07.2020)
Буга чейин адистер коронавирустун экинчи толкуну кышында болорун болжолдошкон. Бирок орус окумуштуулары кеп болуп жаткан экинчи толкун болбойт деген пикирин айтууда.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт кантип даярданып жаткандыгы тууралуу брифинг учурунда айтып берди.

Маалыматка ылайык, өлкө бийлиги буга чейинки тажрыйбаларды эске алып, бир катар иш-аракеттерди көрүүдө.

Алар:

  • медиктерди дайындоо — бул боюнча республиканын аймагында кыска мөөнөттүү кайра даярдоо курстары өткөрүлө баштады. Мында башка адистиктеги дарыгерлер коронавирусту жана пневмонияны дарылоону үйрөнүшөт. Өзгөчө Кыргызстанга азыр инфекционист, кардиолог, терапевт, лаборант жана эпидемиологдор талап кылынууда;
  • медиктердин санын көбөйтүү — медициналык билими бар, бирок башка тармакта эмгектенип жүргөн жарандарды келишимдин негизинде иштөө үчүн ооруканаларга жумушка алуу. Өкмөт башчынын айтымында, бул практика ушул тапта дагы колдонулуп жатат;
  • элди эмдөө — күзгө маал курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияларга каршы эмдөө жүргүзүлөт. Аны каалагандар ала алат. Ал эми калктын аярлуу катмарына, ооруга тез кабыла тургандардын тобуна, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекеттин эсебинен эмдөө жүргүзүлөт. Вакцинага заказ берилди.
  • оорукананын курулушун тездетүү — Бишкек жана Ош шаарларында курулуп жаткан 100 орундуу жугуштуу оорулар боюнча ооруканаларды тез арада ишке берүү;
  • аймактарга кам көрүү — жер-жерлерде коронавирус жуктуруп алгандардын дарылануусу үчүн санитардык талапка жооп берген ооруканаларды ачуу, кошумча орундарды дайындоо.

Адистер ири шаарларда коронавирустун экинчи толкуну болбой турганын айтышты

Буга чейин адистер коронавирустун экинчи толкуну кышында болорун болжолдошкон. Анын симптомдору курч респиратордук вирустук инфекцияларга (КРВИ) окшош болгондуктан айырмалоо оорчулук туудурарын билдиришкен.

Бирок орус окумуштуулары кеп болуп жаткан экинчи толкун болбойт деген пикирин айтууда.

Эске салсак, Кыргызстанда жалпы жонунан вирус жуктуруп алгандардын саны 28 251ге жетти.

238
Белгилер:
Кубатбек Боронов, даярдык, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2239)
Тема боюнча
Коронавирусту бир нерсе ойготту! COVID-19дун чыгышы тууралуу божомол айтылды
Манас эл аралык аэрпорту. Архив

Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар

36
(жаңыланган 23:26 24.09.2020)
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги француз компаниялары Кыргызстанда ишке ашырып жаткан жана пландаган долбоорлору жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Франциянын Aеroports de Paris жана TAV Airports аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын КРдеги элчиси Микаэль Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу видеоконференция өткөргөн.

Тараптар акыркы жылдардагы кыргыз-француз кызматташтыгынын жана соода-экономикалык байланышынын өнүккөнүн талкуулашкан.

"Атап айтканда, Aеroports de Paris жана TAV Airports Париж аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Ал эми GE Hydro France компаниясы Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. Flowbird компаниясы паркинг системаларды эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда, ошондой эле EGIS компаниясы Ош — Баткен — Исфана автоунаа жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырды. Бир катар башка инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Ошондой эле быйыл Бишкекте Novotel франциялык мейманкана тармагын ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Кытай өрт өчүргөн 100 автоунаа бермекчи. Айдарбеков кесиптеши Ван И менен жолукту

Министр Айдарбеков жемиштүү эмгеги үчүн Руга ыраазычылык билдирип, ТИМдин Ардак грамотасы менен сыйлады.

36
Белгилер:
аэропорт, экономика, элчи, ТИМ, Франция, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти
Манас эпосу. Архив

"Манас" эпосунун казак тилиндеги жаңы котормосу чыкты. Өзгөчөлүгү

34
(жаңыланган 22:44 24.09.2020)
Автор буга чейин Казакстанда басылып чыккан төрт томдук котормо эл арасында сейрек кездешерин жана балдарга анча түшүнүксүз экенин айткан.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Белгилүү манасчы Баянгали Алимжанов "Манас" эпосунун казакча котормосунун жаңы версиясын тартуулады. Бул тууралуу "Казинформ" жазды.

Ага ылайык, 40 жылдан бери манас айтып келген Алимжановдо эпосту өз версиясында которуу идеясы былтыр жаралган.

Анын айтымында, казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун жетекчилиги алдында басылып чыккан төрт томдук котормо эл арасында сейрек кездешет жана балдарга анча түшүнүксүз.

Жолдошов: "Манас" кара сөз менен жазылса 500-600 китеп топтому чыкчудай

Алимжанов 100 миң сапты түшүнүү окурманга оңой эмес экенин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстанда балдар үчүн "Манастын" бир томдугу чыкканын айта кеткен.

"Мен "Манасты" 67 күндүн ичинде толугу менен которуп бүттүм. Китептин өзгөчөлүгү — эпостун эң күчтүү, көркөм, поэтикалык үзүндүлөрү Манастын рухун чагылдырган прозада баяндалган. Эпосту кыскача, келечек муундарга түшүнүктүү тилде бергим келди. Манасты ар бир манасчы өзүнчө айтат. Эпостун сюжети бирдей болгону менен түрдүүчө берилет", — деген Алимжанов.

Китептин бет ачары Нур-Султандагы "Достук" үйүндө өткөн.

34
Белгилер:
котормо, Манас эпосу, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
"Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов". Залкарга арналган китеп түрк тилинде чыкты